Белгилүү москвалык пианист Алексей Черновдун концерти Кыргыз мамлекеттик филармониясынын чоң залында 18-февралда болду.

Алексей Чернов Рахат Осмоналиевдин жетекчилиги астында Жумакматов атындагы Кыргыз Мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестри менен биргеликте Бишкек филармониясынын сахнасына чыкты.

Пианисттин өзү Kloop.kgнин кабарчыларына берген маегинде кыргыз музыканттары менен иштөө кандай таасир калтыргандыгы тууралуу айтып берди.

«Эмнегедир бардыгы уялып, өз (кыргызстандык) оркестрин жактырбай башташат. Мен мындай дейт элем: бекер антип атышат. Жакшы, нормалдуу, профессионалдуу музыканттар. Өзгөчө маэстрону [дирижерду] белгилеп кетким келүүдө — биз бири-бирибизди биринчи нотадан баштап эле түшүндүк», — деди Чернов.

Кеченин программасында Шопендин, Бетховендин, Скрябиндин, Листтин жана Прокофьевдин классикалык чыгармалары аткарылды.

Алексей Чернов — Лондондогу Падышалык музыкалык колледждин бүтүрүүчүсү, 20дан ашык эл аралык сынактардын лауреаты. Ал 15 жашында Орусиянын улуттук оркестри менен биргеликте Москва консерваториясынын чоң залына концерт берүүгө чакырылган.

Видеону тартып монтаждаган Тилек Бейшеналиев