Мөөнөтү өтүп кеткен балмуздактардын даярдалган күнү көрсөтүлгөн кагаздарынын сыйрылып, жаңылары чапталып жаткандыгы тууралуу КТРКнын сюжети «эч нерсени далилдебейт» — мындай билдирүүнү Кыргызстандагы ири сүт фабрикаларынын бири болгон «Шин-Лайн» ишканасынан жасашты.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Сак болгула! Мөөнөтү өткөн балмуздактар» деген аталыштагы сюжети эфирге 30-мартта чыккан — анда телеканалдын кабарчылары милиция менен «Кырк чоро» кыймылынын «Шин-Лайн» компаниясынын заводуна жасаган рейдин чагылдырышкан.

Сюжетте КТРКнын кабарчысы Сайкал Султанкулова «Шин-Лайн» компаниясы балмуздактардын даярдалган күндөрүн өзгөртүп, «Кыргызстандын рыногуна мөөнөтү өтүп кеткен балмуздактарды чыгарып жаткандыктарын» айткан.

«Мына биз балмуздакты көрүп турабыз — 2014-жылдын 5- сентябры. Ал эски балмуздакты алып, 2015-жылдын 12-марты деп көрсөтүлгөн жаңы сыртына салып жатышат», — деди ал.

«Шин-Лайн» компаниясынын башчысынын жардамчысы Турат Казакбаев Kloop.kgге берген маегинде КТРКнын сюжетинин аныктыгы азырынча далилдене электигин айтты.

«Алар сюжетте баарын одоно бириктирип жасашыптыр. Калган бардыгын далилдөө керек, алардын биздин цехтин жумушчулары экендигин. Бардыгын — ким тарткан, кайсыл жерде тарткан, кандай тарткандыгын карап жатабыз, териштиребиз», — деди ал.

Казакбаев КТРКнын сюжетинде көрсөтүлгөн фабрика — эски балмуздактарды утилизациялоо боюнча цех экенин айтты.

«Жарактуу мөөнөтү аяктай элек, 5-апрелге чейин дагы бир нече күн бар балмуздактын утилизациясын тартышкан. Биз аны сатыкка чыгарбай эле болчубуз. Жумушчулар цехке отуруп алышып, утилизация кылып жатышкан. Кырылган сырттарын сюжетке тартып көрсөтүшкөн, анда 2008-жылдын 2-апрелинде чыгарылган деп да жүрөт. А элдин баары мунун бардыгын бир күндө тартышкан деп ойлоп калышты да», — деди ал.

Казакбаев компания учурда кызматкерлеринин чынында эле бал муздактын даярдалган мөөнөттөрү көрсөтүлгөн жазууларды өзгөрткөн-өзгөртпөгөндүгүн териштирип жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, азыр укук коргоо органдары «Шин-Лайн» заводунда текшерүү жүргүзүп жатышат.

«Бизге сапатына даттанып кайрылышкан»

«Кырк Чоро» кыймылынын мүчөсү Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге аларга Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочулары балмуздактын сапатына даттанып кайрылышкандыгын билдирди.

«Бизге жергиликтүү жашоочулар экология, мөөнөтү өткөн балмуздактар боюнча кайрылып даттанышкан. Ошондуктан биз биргелешкен рейд өткөргөнбүз», — деди ал.

Көчөрбаев рейдди кыймылдын мүчөлөрү демилгелеп чыккандыгын белгиледи. Ал «Кырк чоронун» активисттери рейдди баштаганга чейин заводдун ээлеринин улутуна карабагандыктарын айтты.

«Биз «Шин-Лайн» ЖЧКсынын башка улуттагы адамга таандык экендигин билген эмеспиз. Анын корей улутундагы адамдыкы экенин бүгүн гана билдик. А негизинен анын ээси кыргыз деген маалымат болгон», — деди ал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде алар компаниянын заводуна рейдди КТРКнын кызматкерлери кайрылгандан кийин баштагандыктарын билдирди.

«Кырк чоро» бизге эмес, а КТРКга кайрылган. Өз кезегинде КТРК журналисттик иликтөөгө жардам керек деп бизге кайрылган. Мында биргелешкен рейд өткөрүү тууралуу сөз болгон эмес, биз Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына гана кайрылдык», — деди ал.

Айтымында, балмуздактын үлгүлөрү экспертизага жөнөтүлдү — эгер экспертиза «Шин-Лайндын» мөөнөтү өткөн товарды сатып келгендигин аныктаса, анда компанияга карата санкцияларды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат аныктайт.