«Джаз-Бишкек-Жаз» фестивалы Кыргызстандын борбору менен анын чет жактарында 8-апрелден 12-апрелге чейин өттү. Бул сезонунда иш-чара улуттар аралык мамилелерди бекемдөөгө басым жасагандыгы менен эсте калды.

Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүнөн келген музыканттар «Джаз-Бишкек-Жаз» музыкалык фестивалынын алкагында Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында ойношту.

Фестивалга Германия, Австрия, Швейцария, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын 11 тобу катышты. Алып баруучу москвалык джаз сынчысы жана «Джаз.ру» журналынын редактору Кирилл Мошков болду.

Кыргыз музыканттары менен «Пассакалья» немис ансамбли бир сахнада Манас айтуу менен комузда ойноону джаздын классикалык аспаптары — кыл кыяк, фортепиано, контрабас, саксофон жана гобой менен айкалыштырышты.

Фестивалдын негизги бөлүгү Бишкектеги «Студия 247» барындагы джем-сессия менен аяктады — Европа жана Орто Азия өлкөлөрүнөн келген музыканттар бардын сахнасында түрдүү музыкалык чыгармаларды аткарышты.

Фестивалдын акыркы күнкү иш-чарасы Токмок шаарында өтүп, швейцария жана өзбек джазчылары Маданият үйүнүн сахнасына чыгышты.

Фестивалдын максаты — музыкалык чыгармалар аркылуу түрдүү улуттардын ортосунда мамилелерди орнотуп, бекемдөө. «Джаз-Бишкек-Жаз» 2006-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйылкысы мааракелүү — онунчусу болду.

Джаз фестивалынын уюштуруучусу «Борбордук Азия – Арт Менеджмент» коомдук фонду. Фестиваль Кристенсен фонду (АКШ), Гёте институту, ошондой эле Шыейцариянын, Австриянын жана Германиянын элчиликтеринин колдоосу алдында өттү.

Сюжет: Темирлан Акимтеги, Никита Серов, Беназир Ибраимова