Белгилүү орусиялык ырчы Ёлка Бишкекте төрт жылдан бери биринчи жолу ырдады. Концертке эки миңге жакын киши чогулду.

Сахнага Ёлка деген ат менен чыгып жүргөн белгилүү орусиялык ырчы Елизавета Иванцива 10-июнь күнү кечинде Бишкекте ачык асман алдында ырдады. Концертке ырчынын эки миңге жакын күйөрманы чогулду.

Ёлкага популярдуулукту 2004-жылы чыгарган «Девочка в Пежо» жана «Хорошее настроение» ырлары алып келген, а 2011-жылы эң белгилүү хиттеринин бири – «Прованс» ыры жазылган.

Видео: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналиев