«Кырк чоро» кыймылы социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына «Мадина» базарындагы рейдинин видеосун жайгаштырды. Анда активисттер текшерүү иштери укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин «көмөгү аркасында» өткөрүлгөндүгүн билдиришүүдө.

Видеоролик кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаевдин YouTube сервисиндеги каналына 19-июнда жайгаштырылган.

Видеодо активисттердин «Мадина» базарындагы сатуучулардан документтерин — паспорт, виза жана катталгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн —талап кылып, соодагерлердин паспорттук маалыматтарын ири планда тартып жаткандыктары көрсөтүлгөн.

Кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде жарыяланган видео 2013-жылы тартылганын, а «рейддин» өзү укук коргоо органдарынын, тагыраагы «экстремизмге каршы күрөшүү» менен алектенген Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын «көмөгү аркасында» өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Көчөрбаевдин айтымында, «рейд» өткөрүү демилгеси анын кыймылы тараптан көтөрүлгөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев укук коргоо органдарынын рейдке катышкандыгын четке какты.

«Жок, [рейдди] ИИМ өткөргөн эмес. Анда башка укук коргоо органдары болушкан, кайсыл органдар экенин айтпайм», — деди ал.

Осмонбаев «Мадина» базары жайгашкан райондун аймактык милиционеринин айтканын таянуу менен «рейд» 2014-жылы өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Kloop.kgнин кабарчысы Көчөрбаевдин YouTubeдагы каналына 2014-жылдын майында жайгаштырылган ушуга окшогон видеону тапты.

Юрист жана жарандык активист Жанабил Давлетбаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери гана башка бирөөнөн документин талап кыла ала тургандыктарын айтты. Бул анын ичинде чет элдик жарандарга да тиешелүү.

«Эгер чет өлкөлүк жаран каттоосуз же мыйзамсыз жүрөт деп шектенүүгө негиздер бар болсо, анда ал (мамлекеттик кызматкер) өздүгүн идентификация кылуу үчүн андан паспортун талап кыла алат. Бирок бул жеке мамлекеттин гана укугу», ― деп түшүндүрдү Давлетбаев.

Осмонбаевдин айтымында, милициянын «Кырк чоро» менен биргеликте өткөргөн жалгыз рейди ― 2015-жылдын жазында «Шин-Лайн» бал муздак фабрикасында болгон.

2015-жылдын мартында КТРКнын журналисттери ИИМ жана активисттер менен биргеликте «Шин-Лайн» компаниясы Кыргызстандын рыногуна чыгарып жаткан бал муздактардын мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги ыктымалдыгы боюнча иликтөө жүргүзүшкөн.

«Кыргыз чоролору»

«Кыргыз чоролору» кыймылы 2014-жылдын аягынан тарта белгилүү болуп баштаган. Анда кыймылдын мүчөлөрү кытайлыктарга тиешелүү болгон караоке-барларга өз алдынча рейддерди өткөрүшкөн. Алар ал жайларда «сойкукана» иштетилип жатат деп эсептешкен. Акциянын жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү «сокулук менен алектенүүгө» шектелген кыздарга жана ошол маалда имарат ичинде болгон чет өлкөлүктөргө карата зомбулук көрсөтүшкөн.

Кийинчерээк, 2015-жылдын январында кыймыл кыргыздарга таандык болбогон дагы эки караоке-барда рейд өткөрүшкөн. Анда ал жайлардын биринин ээси активисттерди «өзүм билемдикке» жана «бейбаштыкка» айыптаган. Анын негизинде милиция Көчөрбаевге каршы кылмыш ишин козгогон.

2015-жылдын майында «Кырк чоро» «Калыс» коомдук кыймылы менен биргеликте Гомофобияга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган иш-чараны үзгүлтүккө учуратышкан.

Активисттер иш-чара өтүп жаткан жайга кирип барышып, андагыоарды коркутуу менен акцияны токтотуусун талап кылышкан.

20-30 кишиден турган активисттер тобу андагы жагдайды толугу менен сүрөткө жана видеого тартышкан.

Ал окуядан кийин милиция «бейбашчылык ыктымалдыгы» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.