Жол кайгуул кызматынын айдоочуга документтерин көрсөтпөгөн жана анын камерасын тартып алууга аракет кылган инспектору «жарандар менен мамиле кылуу эрежелерин сактабагандыгы» үчүн дисциплинардык жаза алды, деп билдиришти ЖККнын басма сөз кызматынан.

Айдоочу менен Жол кайгуул кызматынын инспекторунун ортосундагы чырдашуу интернетте 7-июлда пайда болгон.

Видеодо айдоочу ЖКК кызматкери өзүнүн күбөлүгүн көрсөтпөстөн эле анын документтерин алып алгандыгы жана протоколду кызматтык эмес унаада толтургандыгын айткан.

«Мыйзамсыз толтуруп жатышат, менин бардык жарандык укуктарымды бузууда», — деген видеонун автору.

Андан соң ЖКК кызматкери айдоочунун колунан камерасын тартып алууга аракет кылган.

ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде мекемеде видеодогу инспектор тарабынан мыйзам бузуу фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, ал кызматкер дисциплинардык жаза алгандыгын билдирди.

«Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүнүн этикасынын нормаларын, тагыраагы, жарандар менен болгон сүйлөшүүсүндө мамиле кылуу эрежелерин бузуп, ички иштер органдарынын абройу менен имиджин тобокелдикке алып баргандыгы үчүн ал кызматкер дисциплинардык жаза алды», — деди Оторов.

8-июлда Ысык-Көл райондук ИИБсинин басма сөз кызматы видео 6-июль күнү эртең менен тартылгандыгы, а айдоочу жол эрежесин бузгандыгын мойнуна алып, видеону интернетке жарыялабагандыгын билдиргендиги тууралуу маалымат тараткан.

«Андан сырткары Ж. Карыбаев бул фактыга өз учурунда реакция жасагандыгы үчүн ИИМдин жетекчилигине, министр Турганбаевдин жеке өзүнө ырааазычылык билдирди. Ошондой эле ал жакшы түшүнбөстөн маалымат каражаттары аркылуу милициянын дарегине терс коомдук пикир калыптандыргандыгы үчүн ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ИИБсинин жетекчиликтеринен кечирим сурады», — деп билдирген мекеме.

Бул окуя Жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан мыйзам бузуу фактыларынын көбөйүп жатышынын фонунда болууда.

Июндун башында Беловодский айылында ЖКК инспектору «талабына баш ийбеген» айдоочуга ок чыгарган, а ошол эле айдын аягында интернетте Жол кайгуул кызматынын өкүлү байкерди тапанча менен мээлеп жаткандыгы тартылган видео пайда болгон.

Тема боюнча: Кубалоо маалында ЖКК тескөөчүсү айдоочуну «атып өлтүрдү»

Тема боюнча: Видео: ЖКК инспектору байкерди тапанча менен мээлөөдө