Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясы чет элдик компанияларга жумушчулар менен убактылуу келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталган мыйзам долбооруна каршы митингке чыгышты.

Кыргызстандын Кесиптик кошуундарынын митинги 14-июлда Экономика министрлигинин имаратынын алдында өттү. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, чет элдик инвестор-компанияларга жумушчулар менен «чексиз» эмгек келишимдерин түзүү жана кызматкерлерин «каалаган себептер» менен жумуштан кетирүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.

miting-profsoyuzov-v-Bishkeke_52-1024x683

«Мыйзамдын жаңы долбоорунда мөөнөттүү келишимдеги төлөмдөр, кесиптик кошуун менен түшүндүрмөлөр жана макулдашуулар жок, ошондой эле анда түнкү убакыт үчүн, мөөнөттөн ашык иштөө үчүн жана майрамдык күндөр үчүн кошумча төлөмдөр алынып салынган», — деп түшүндүрдү Тоо-металлургия кесиптик кошуунунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажыбаев.

miting-profsoyuzov-v-Bishkeke_12-1024x683

Митингдин катышуучулары Экономика министрлигинен өзгөртүүлөрдүн долбоорун кароодон чакырып алуусун талап кылышты.

Ошондой эле мекеме жумуш берүүчүдөн төлөнбөй калган айлык акыны алуу үчүн сотко доо арыз берүү мөөнөтүн чектөөнү сунуштап жатат.

miting-profsoyuzov-v-Bishkeke_22-1024x683

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев митингчилерге мекеме «алардын талаптарын карап чыгарын» убадалады.

«[Мыйзам долбоорун] талкуу 18-июлга чейин болот. Биз бардык кызыкдар тарапты тарткыбыз келет. Менин дагы бир жолу белгилеп кетким келүүдө, кесиптик кошуундар тарап — бул социалдык өнөктөштөрдүн бири. Бизде мыйзамга реформаларды киргизүүгө аракет кылып жаткан ишкерлер, жумуш берүүчүлөр жана мамлекеттик органдар бар», — деп билдирди Иманалиев чогулгандарга.

miting-profsoyuzov-v-Bishkeke_31-1024x683

Элдар Тажыбаев экономика министринин орун басары «конкреттүү жооп бербегендигин» билдирди. Андан соң чогулгандар өкмөттүн имаратынын алдында акция өткөрүшүп, Темир Сариев менен сүйлөшүү талабын коюшту.

«Конкреттүү жооп болгон жок. Биз өкмөттөн, кесиптик кошуундардан, жумушчулардан жумушчу топ түзүп, аталган мыйзам долбоорун талкуулап, аны чакыртып алуу ниетиндебиз. Эгер Экономика министрлиги тарабынан конкретүү жооп болбосо биз премьер-министрге кайрылабыз, ал мыйзам долбоорун өкмөт башчысы чакырып алсын», — деди Тажыбаев.

miting-profsoyuzov-v-Bishkeke_41-1024x683

Экономика министри «Эмгек кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун 18-июнда алып чыккан.

Текст: Алтынай Джалмамбетова
Сүрөт: Зинат Аптабалиева