Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен бомба табышкан жок.  Аталган аймак «шектүү чемодан» тууралуу билдирүүдөн улам курчоого алынган болчу.

Бишкектин Турусбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде турган ээсиз чемодан тууралуу ИИМдин тынымсыз байланыш кызматына 21-август күнү түштө билдирилген.

Ал жерге калтырылган сумкада жардыруучу заттын бар-жоктугун текшерүү боюнча операцияга Ленин райондук ички иштер башкармалыгы менен УКМКнын кызматкерлери жана саперлор тартылышкан. Аймак курчоого алынып, ал тегеректеги кеңселердин жумушчуларынын көчөгө чыгып турууларын өтүнүшкөн.

«Ал жерде ким тарабынан калтырылгандыгы белгисиз чемодан табылган. Анда жардыруучу зат болушу мүмкүн деген кооптонуулар болгондуктан, анын айланасы курчоого алынган. Жарандардын коопсуздугу үчүн саперлор белгисиз чемоданды текшерип чыгышты. Анын ичинде жарылуучу заттар болгон эмес, а кимдир бирөө унутуп калган кийимдер бар экен», — деп билдиришти Kloop.kgге ИИМден.

Мекемеден эми ыкчам топ ал чемодандын кимге таандык экенин аныкташы керектигин кошумчалашты.

«Аны бул жерге калтырып кеткен адам жазаланбайт, болгону түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз», — деди ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.