Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө Кыргызстанда бүгүнтөн баштап уруксат берилди. Партиялардын көбү бул мүмкүнчүлүк менен күндүн алгачкы мүнөттөрүнөн тарта пайдаланып башташты. Kloop.kgнин кабарчылары 4-сентябрга караган түнү Бишкекте алгачкы үгүт жарнактарынын пайда болушуна күбө болушту.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталып, ага катыша турган 14 партия күндүн алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле Бишкектин көчөлөрүнө үгүт матералдарын жайгаштырып башташты.

Kloop.kg редакциясынын кызматкерлери партиялардын алгачкы жарнак такталарынын орнотулушуна күбө болушту — 4-сентябрга караган түнү Бишкектин ар кайсы бөлүктөрүндө кеминде 15 үгүт материал жайгаштырылды.

Үгүт иштери башталган алгачкы үч сааттын ичинде Kloop.kgнин кабарчылары «Бүтүн Кыргызстан Эмгектин» төрт жарнак тактасын, «Бир Болдун» үч, «Республика — Ата-Журттун» үч чоң үгүт материалын,  «Өнүгүү-Прогресстин» эки жарнагын, КСДПнын бир жана «Ата Мекендин» анча чоң эмес бир нече жарнак такталарын көрүштү.

Компанияларды автоунаалар жана крандар менен камсыз кылуу менен алектенген жеке ишкер Адыл Байгазиев Kloop.kgге курган маегинде анын өзүнө эле дароо төрт партия — «Республика-Ата-Журт», «Ар-Намыс», «Бир Бол» жана «Кыргызстан»  — кайрылганын айтты.

«Үгүт иштери 4-сентябрда башталат эмеспи, ошондуктан партиялар үгүт материалдарын өз учурунда илүүгө аракет кылып жатышат. Адамдар алар менен таанышып, окуп, көрүшсүн деп. Бул жарнамалык нерселер. Бардыгы тең убакытты өткөрүп жибербейли деп атышат, партиялар үчүн бул эң башкысы», — деди ал.

Байгазиевдин айтымында, шаар масштабдуу орнотуу иштерин өткөрүүгө ылайыкташпагандыктан, жарнак такталары атайылап түнкүсүн жайгаштырылууда.

«Жарнак такталарды орнотуунун ылдамдыгы кызматкерлердин адискөйлүгүнө жана техникасына жараша болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда техника жетиштүү, бардыгы орноткон адамдарга көз каранды. Бул сыяктуу тактаны эки тарабына орнотууга болжол менен 40 мүнөт талап кылынат», — деди ал.

«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын үгүт материалдарын илип жаткан компаниянын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде түнкү саат 01:30га карата алар шаардын көчөлөрүнө 9 үгүт материалын жайгаштыргандыктарын жана эртең мененкиге чейин түштүк кичи райондорго дээрлик толук орнотуп бүтүү ниетинде экендиктерин билдирди.

Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маектешүү маалында компания Абдрахманов көчөсүндөгү көпүрөдөн чыга беришке жарнак такталардын бирин орнотуп жаткан.

Өзүн Рысбек деп тааныштырган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлдөрүнүн бири партия Бишкекке 55 үгүт материалын илүү ниетинде экенин билдирди. Айтымында, алар борбордун ар бир районуна 14төн жайгаштырылат.

Ал башка партиялардыкына караганда «Өнүгүү-Прогресстин» Бишкекте үгүт материалдары аз экенин, бирок салыштырмалуу аймактарда көп экенин билдирди.

Азырынча өз жарнак тактасында парламенттик шайлоодогу башкы талапкерлерин жалгыз гана «Бир Бол» партиясы көрсөткөн.

Калгандарынын алгачкы жарнак такталарында партиялардын белгилери, программасы жана акыркы бир нече жылдардагы жетишкендиктери көрсөтүлгөн.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Улугбек Акишев жана Азат Рузиев.
Монтаждаган: Азат Рузиев.