Автослалом боюнча чемпионаттын финалы Бишкекте 18-октябрда өттү. Мелдештин акыркы бөлүгүнө буга чейинки жарыштардын жеңүүчүлөрү катышышты.

Чемпионаттын уюштуруучуларынын бири Екатерина Козлецкая kloop.kgге курган маегинде салкын аба ырайы менен жамгырдын жаашы иш-чарага көрк бергенин билдирди.

«Суу жолдон улам дөңгөлөк менен жолдун сүрүлүүсү төмөндөп, катышуучуларга өз автоунааларын башкарууга андан да көп аракет кылууга туура келди. Айдоочулар ал кыйынчылыктарды жеңе алышты жана көрүүчүлөр мыктыларды тандашты», — деди ал.

2015-жылдагы мелдештин абсолюттуу чемпиону болуп Алексей Веденев табылды.

Алексей жогорку ылдамдыкта түрдүү ыкмаларды аткаруу менен 3 жылдан бери алектенип келет. Ал автослалом боюнча Алматыда өтө турган финалга катышат.

Абсолюттук чемпион наамы үчүн дөңгөлөктөрүнүн экөөсү эле жана төртөөсү тең аракетте болгон категориялар боюнча жеңишке жеткендер жарышышкан.

Эки дөңгөлөгү аракетте болгон унаалар арасындагы жарыштын жеңүүчүлөрү:

  1. Михаил Павлов (Honda Accord Wagon)
  2. Рамиль Гатауллин (Mazda RX-8)
  3. Виталий Батяйкин (Nissan Skyline GTS)

Дөңгөлөктөрүнүн төртөөсү тең аракетте болгон уаалар арасындагы жарыштын жеңүүчүлөрү:

  1. Алексей Веденев (Subaru Impreza WRX STI)
  2. Дмитрий Лошкарев (Subaru Impreza)
  3. Санжар Абдужабаров(Subaru Impreza)