Бишкектеги тез жардам станциясынын автопаркы үчүн 12 жаңы унаа сатылып алынды. Медициналык транспорт каражаттарын алууга бюджеттен 15,2 млн. сом кетти.

Автоунааларды тапшыруу салтанаты 30-октябрда Бишкек мэриясынын имаратынын алдында өттү — калаа башчысы Кубанычбек Кулматов тез жардам станциясына 12 жаңы автоунааны берди.

Мэриянын маалыматы боюнча, Xiamen Golden Dragon үлгүсүндөгү тез жардам унаалары Кытайда чыгарылган жана «Toyotaнын аналогу» болуп эсептелет. Алар шаардык бюджеттин эсебинен 15,2 млн. сомго сатылып алынган.

Унааларды жеткирүү менен «Aqua Medtek» ЖЧКсы алектенген.

Мэриянын маалыматы боюнча, жаңы автоунаалар адистештирилген бригадалар ортосунда бөлүштүрүлөт: балдар реаниматологиясы, акушер-гинекологиялык, кардиологиялык жана инсульттук бригадалар.

Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов Kloop.kgге курган маегинде жаңы алынган автоунаалар «абалды кыйла жеңилдетерин» айтты. Ал жаңы унаалардын канчалык деңгээлде жакшы экендигин айтуу азырынча эрте деп эсептейт.

«Аларды жумушта кандай жүрөрүн көрүү керек. Унаанын көлөмү, жабдылышы боюнча эч кандай дооматтар жок», — деди ал.

Жаңы унааларда каталка, кычкылтек орнотмолору, электр соруп алуу жабдуулары жана бүктөмө замбилдер бар.

«Тез жардам» автоунаасынын айдоочусу Болсунбек Тентимишев Kloop.kgге курган маегинде ал жаңы техниканын сатылып алынгандыгына кубанычта экенин айтты.

«Биздеги «тез жардам» унаалары эбак эле эскирип калган», — деди ал.

Жаңы алынган техниканы кошуп эсептегенде тез жардам станциясынын автопаркы эми 48 автоунаадан турат. Борисовдун айтымында, станциянын карамагындагы буга чейинки 36 автоунаанын болгону «28-30у» гана иштечү.

«Алардын абалы өтө начар, дайыма бузулат. Алсак, «Тойоталар» 15 жыл иштеп коюшту», — деди бөлүм башчы.

Анын айтымында, Бишкектин жашоочуларын заманбап медициналык жардам менен толук камсыз кылуу үчүн 100гө жакын унаа зарыл.

«Бирок мында автоунаалар гана зарыл эмес, бизге медициналык кызматкерлер, жабдуулар, [медициналык] бригадаларды жайгаштыруу орундары керек. Тез жардам кызматындагы унаа көйгөйү чечилди деп айтууга болбойт. Бул акыркысы эмес жана мэрия мындан ары да унааларды сатып алат деген үмүттөбүз», — деп жыйынтыктады Борисов.