Кубосун Шамудинов Аламүдүн районунун Байтик айылында жашайт. Учурда анын кичи зоопаркында страустан тарта тооктордун ар кандай түрүнө чейин канаттуулардын бир канчасын көрүүгө болот.

Шамудинов страустарды алгач мындан 13 жыл мурда алып келип бага баштаган. Учурда анын 40 страусу бар.

“Башында кызык болуп 85 башка чейин жеткизкем. Азыр кырктай баш бар, жыйырмасы тууйт, калганы эркек жана жаш. Каралары эркектер, боздору ургачы”, — деп айтып берди Шамудинов.

Шамудинов страустар менен эле алектенбестен канаттуулардын башка түрлөрүн да алып, кичинекей фермасын зоопаркка айлантууну чечкен.

“Быйыл чымчыктардын кичинекей зоопаркын ачып жатабыз. Ичинде кыргоол, өрдөк, павлиндин эки түрү, кекилик, тооктордун түрлөрү бар”, — деп токтолду ал.

Страустун кичине жумурткасынын салмагы 1,2 килограмм болсо, ал эми чоңу 2 килограммга чейин болот. Айтымында, страустар 70 жылга чейин жашайт.