Kloop.kgнин кабарчысы жашыруун камера орнотуп алып Бишкектин Ош базарында соода жүргүзүп көрдү. Сатуучу аны таразадан 35 сомго алдап, өз катасын «бул жакта жаңы гана иштей баштаганы» менен түшүндүрдү.

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай Бишкектин Ош базарынан тооктун санын сатып алды. Соодалашуу маалында килограммынын баасы 110 сом болгон тооктун сандары үчүн ал 188 сом төлөдү.

Бирок сатып алган товарын башка таразага тартып көргөндө анын 200 граммга алдангандыгы аныкталды. Сатуучу чыныгы салмагы 1325 грамм болгон тооктун саны үчүн 1510 граммдын баасын алган, тагыраагы 35 сом көп алып койгон.

Кабарчы сатуучуга кайра барып, анын катасы тууралуу айтканда, ал өз катасын «бул жакта жаңы гана иштей баштагандыгы» менен түшүндүрдү.