Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн жыйынында казак чиновниктери «ага кармануулары керектигин» анткени ал «мындай жалгыз» жана андан кийинки президент «андан да начар болорун» билдирди.

Өкмөттүн жыйынында тартылган видеону «Тенгри Ньюс» порталы 18-ноябрда жарыялады.

Анда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чиновниктер «ага кармануулары» керектигин, анткени президенттик кызматка башка альтернатива «жок» экенин билдирген.

«Президент кылып тандай турган эч кимиңер жок. Мен элемин да? Эч ким жок, көрдүңөрбү? Жалгыз мен жүрөм. Силерде башкасы жок, ошондуктан мага кармангыла. Кийинкиси мындан да начар болот», — деп кошумчалаган казак президенти.

Ал мындай сөздөрдү мамлекеттин чыгымдарына көз салып, бюджеттен керексиз чыгымдуу беренелерди алып салуусу керек болгон өлкөнүн каржы министри Бакыт Султановду жемелеп урушкандан кийин айткан.

Ал Казакстан мамлекеттик кызматтар үчүн жаш кадрларды даярдоого «көп убакыт жана көп акча» жумшап жатканын кошумчалаган.

Назарбаев 26 жылдан бери Казакстандын президенти болуп эсептелет, а эгер анын Казак ССРинин министрлер кеңешин башкарган жылдарын эсептесек, анда ал өлкө башында 31 жылдан бери турат — бул постсоветтик өлкөлөрдүн президенттеринин арасындагы рекорддук көрсөткүч.

2010-жылы ага «Казакстандын туңгуч президенти — Улуттун лидери» макамы ыйгарылган. 2015-жылдын башында ал төртүнчү президенттик мөөнөткө шайланган.