22-ноябрда Бишкектин Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде «Мазда» үлгүсүндөгү унаа жөө адамды коюп кеткен. Жөө адам жол чырак кызыл күйүп турган маалда жолду кесип өтүп бара жаткан.

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай 22-ноябрь күнү кечинде болгон кырсыкка күбө болгон. Анын айтымында, жөө адам жол чырак кызыл күйүп турганда жолду кесип өтүп бараткан, ошол маалда аны «Мазда» автоунаасы сүзүп кеткен.

«Жол чырак кызыл күйүп турганына карабастан жолду кесип өтүп бара жаткан жөө адамдардын тобун көрдүм, алардын артта калып калган бирөөсү беркилерди кууп жетүү үчүн чуркап бара жатканда аны унаа сүзүп кетти», — деди Владимир.