Түркиянын аба аскердик күчтөрү Сирия менен болгон чек арасында Орусиянын Су-24 аскердик учагын атып түшүрдү. Түркия бийлиги учак өлкөнүн аба мейкиндигин бузгандыгын билдирүүдө. Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагууда.

CNN телеканалынын түрк кызматы болжол менен саат 14:25те Түркиянын аба аскердик күчтөрү түрк-сирия чек арасында Орусиянын Су-24 учагын атып түшүргөндүгүн билдирди.

Телеканалдын маалыматы боюнча, Су-24 Түркиянын аба мейкиндигин бузгандыгы үчүн атылып түшүрүлгөн.

Орусиялык учак учкучтарына аба мейкиндигин бузгандыгы тууралуу бир нече жолку эскертүү берилгенден кийин F-16 учагы тарабынан атылып түшүрүлгөн, деп жазды «Нью-Йорк Таймс» гезити.

«Рейтерс» агенттиги кабарлагандай, Түркиянын Коргоо министрлиги Су-24 атылып түшүрүлгөнгө чейин анын экипажы беш мүнөттүн ичинде 10 жолу эскертүү алганын билдирген.

Өз кезегинде Орусиянын коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагууда — мекемеден Су-24 жерден атылып түшүрүлгөнүн жана түрк аба мейкиндигин бузбагандыгын билдирүүдө — «бул объективдүү көзөмөл каражаттары тарабынан катталган».

Мекемеден орусиялык авматоптун курамына кирген эки учкуч тең учактан түшүп аман калууга жетишишкендигин кошумчалашкан. Бирок азырынча мекемеде алар тууралуу башка маалыматтар жок.

«Рейтерс» агенттиги CNN телеканалынын түрк кызматына шилтеме жасап билдирип жаткандай, учактын учкучтарынын бирөөсүн Сириянын түндүк райондорундагы түркмөндөр туткунга алышкан.

Өз кезегинде «Известия» гезити түрк бийлиги Су-24түн эки учкучун тең кармагандыктарын билдирүүдө.

«Коммерсант FM» кулап түшкөн учактын сыныктарынан улам Түркиянын эки жараны жабыркаганын билдирүүдө.

2015-жылдын октябрынын башында Түркия менен Орусиянын ортосунда чыр чыккан — түрк бийлиги орус тарапты анын аскердик учагы Сирияга учуу маалында мыйзамсыз чек араны бузуп кирген деп айыптаган.

Орусия Сириянын аймагына ушул жылдын 30-сентябрынан тарта авиасоккуларды жасап баштаган болчу.