Мессинин полиэтилен баштыктан жасалган фанаттык футболкасын кийген кичинекей баланын сүрөтү Интернетте жугуштуу болуп, сенсация жараткан. Кырнет ал бала Кыргызстанда жашашы мүмкүн деп божомолдогон. Бирок чынында 5 жаштагы бала Ооганстандын жашоочусу болуп чыкты.

5 жаштагы Муртазы Ахмадини Би-би-си британ телеканалынын журналисттери Ооганстандын айылдарынын биринен издеп табышкан. Аны табууга баланын Австралияда жашаган агасы көмөктөшкөн.

Муртазынын атасы Ариф журналисттер менен болгон маегинде анда Мессинин чыныгы фанаттык футболкасын сатып алууга акчасы жок болгонун, андан улам улуу баласы аны полиэтилен пакетинен жасап берүүнү сунуштагандыгын айткан. Кийин ал аны сүрөткө тартып социалдык түйүндөргө жайгаштырган.

Сүрөт Интернет колдонуучуларынын арасында чыныгы сенсацияга айланып, алар ал баланы издеп башташкан. «Барселона» клубунун оюнчусу Лео Месси твиттер-баракчасына сүрөттү жайгаштырып, күйөрмандарын ал баланы табууга жардам берүүгө чакырган — белгилүү футболчу ал балага өзүнүн футболкасын белекке берүү ниетинде.

Муртазынын ата-энеси эл аралык уюмдар уулунун Месси менен жолугушуусуна жардам беришет деп үмүттөнүп жатышат.

Курд блоггерлери сүрөттө учурда «Ислам мамлекетинин» согушкерлери менен курддар ортосунда салгылаш жүрүп жаткан Ирактын Курдистанындагы Дохук аймагында жашаган курд бала көрсөтүлгөнүн билдиришкен. Бирок кийинчерээк ал маалыматты четке кагышкан.

Оштогу «Ынтымак» жаңылыктар порталы сүрөттүн каарманы кыргызстандык болуп чыгышы мүмкүндүгүн божомолдогон.

«Биздин редакция талаштуу сүрөт кыргызстандык колдонуучулардын арасында «Одноклассники» жана «Фэйсбук» соцтүйүндөрүндөгү жабык топтордун бириндеги бөлүшүүнүн жыйынтыгында тарагандыгын аныктап чыкты. Тилекке каршы, социалдык түйүндөрдө сүрөттөрдү издөөнүн спецификасы жана оордугунан улам бул маалыматты ырастоо же төгүндөө үчүн азырынча редакция сүрөттүн түп нускасын таба элек», — деп жазышкан порталдын журналисттери.