Укук коргоочу Калича Умуралиева Мамлекеттик техникалык инспекциянын кызматкери тарабынан кол салуу болгондугун билдирди. Өз кезегинде чиновник урушту биринчи укук коргоочу баштагандыгын айтууда.

Окуя 16-февралда Мамлекеттик техникалык инспекциянын имаратында болгон. «Биздин Укук» фондунун башчысы Калича Умуралиева менен журналист Булат Сатаркулов турак-үйлөрдөгү мыйзам бузуу ыктымалдыктары тууралуу интервью алуу үчүн мекемеге барышкан.

Умуралиева менен инспекция кызматкери Чолпон Баязованын ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка чейин жеткен. Укук коргоочу биринчи болуп мамлекеттик кызматкер күч колдонгонун билдирди.

«Биз интервью алууга аракет кылгандан кийин жабык турган бөлмөдөн бир аял чыгып, мени түртүп, эшикти жаап алууга аракеттенгенде мен ага: «Мен чыкпайм, бул сиздин жеке батириңиз эмес, бул биздин салыктын эсебинен каржыланып жаткан мамлекеттик кызмат, ошондуктан мен бул жерде болууга укуктуумун» дедим. Анан ал мени түртүп баштады, мен айтканыман кайтпай туруп алдым, ошол маалда ал мени чачыман алды, анын башыма соккулар урулду», — деди ал.

Өз кезегинде Баязов Kloop.kgге курган маегинде Умуралиева биринчи болуп анын чачынан алып, адепсиз сөздөрдү айтып баштагандыгын айтты.

«Алар көтөрүңкү үн менен бир нерсе талап кылып 10-15 мүнөттөй турушту, аларга жазуу жүзүндө кайрылуу керектиктерин айтышты. Анан чыгып кетишти. Мен ишимди уланттым, аларды көргөн жокмун, үндөрүн уккан жокмун. Бир маалда коңшу бөлмөдө иштеген кесиптешип эшигин ачып: «Силер ишке тоскоолдук кылып жатасыңар, эшикти жапкылачы» деп айтты, ага Умуралиева адепсиз сөздөр менен жооп берди. Анан мен жөн гана анын антип сүйлөөсүн токтотуусун өтүнүү үчүн иш бөлмөмөн чыктым, а ал мени тилдеп салды. Анан мен коридордун эшигин жабайын десем тоскоол кылып, мени түртүп жиберди. Менин жиним келип, аны түртүүмдү улантып, эшикти жаптым, а ал менин чачыман алып, түртүп, тээп жиберүүгө жетишти», — деди ал.

Баязованын айтымында, журналист Сатаркулов укук коргоочу коргонуп баштаган учурду тартып, аны кол салуу катары көрсөткөн.

«Ал мага жулунганда алар видеого тартышкан эмес, качан мен жооп берип баштаганда тартып башташкан», — деди ал.

Мушташты видеого тарткан Сатаркуловдун өзү Kloop.kgге Баязова коомдук фонддун ишине тоскоолдук кылганын айтты.

«Эч кандай тиешеси жок кыз эшикти жаап, биздин ишибизги тоскоолдук кылып баштаган. Жыйынтыгында ал эшикти жаап алууга аракет кылып, Калича Умуралиеваны бир нече жолу уруп жиберди», — деди Сатаркулов.

Умуралиева Логвиненко жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн курулушуна нааразы. Айтымында, ал үй долбоордук чечимге туура келбейт.

Видео: Тилек Бейшеналиев