4-мартта парапланчы Владимир Гангальский Жалал-Абад облусунун Боз Чычкан айылынан алыс эмес жердеги электр зымына илинип калган. Аны жарым сааттын ичинде куткарышты. Энергетиктер менен ӨКМ кызматкерлери аны «бактылуу кокустук» деп эсептешүүдө.

Парапланчы тууралуу билдирүү ӨКМге 4-март күнү түшкү саат үчтөрдө келип түшкөн. Аймактык өрткө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Айбек Имановдун айтымында, спортчу жерге түшүп келе жатып жогорку чыңалуудагы электр зымдарына илинип калган.

Куткаруучулардын айтымдарында, парапланчы жабыркаган эмес жана азыр өзүн жакшы сезүүдө.

«Ал жогорку чыңалуудагы «Датка-Кемин» электр линиясы болгон. Жанында дароо 101ге телефон чалган адам бар болуп калып анын [парапланчынын] жолу болуптур. Биз менен бирге энергетиктер да барышып, дароо линиядагы электр тогун өчүрүп, аны зымдан түшүрүүгө жардам беришти. Бул бактылуу кокустук», — деди Иманов Kloop.kgге курган маегинде.

Адистердин айтымдарында, Владимир Гангальский чагылгандан коргоочу зым арканга илинип, башка зымдарга тийбегендиктен улам аман калган.

«Ал чагылгандан коргоочу изоляцияланган зымга тийген, адатта анда чымчыктар конуп турушат. Ал ток өткөрүүчү болбогондуктан парапланчы аман калган. Эгер ал бир эле маалда эки зымга тийгенде, анда аны куткаруу тууралуу кеп кылууга да болбойт болчу», — деп түшүндүрдү атын атагысы келбеген энергетик Kloop.kgге курган маегинде.

Иманов парапланчы адам тийген учурда дароо өлө турган 220 кВ чыңалуудагы электр зымына илинип калган бул окуяны бактылуу кокустук деп эсептей.

Кыргызстандын Улуттук электр тармактарынын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде энергетиктер дароо эле Ош жана Баткен облустарын электр энергиясы менен камсыз кылып турган жогорку чыңалуудагы линияларды өчүрүшкөндүгүн билдирди. Айтымында, адамды куткаруу маалында электр энергиясы резервдик схема аркылуу берилип турган.

Ошондой эле компаниядан парапланчынын учуусу «макулдашылбагандыгын» жана бул окуя боюнча материалдар жакынкы күндөрү укук коргоо органдарына бериле тургандыгын белгилешти.

Бул парапланчы жерге түшүп келе жатканда жогорку чыңалуудагы электр зымдарына илинип калган Кыргызстандагы алгачкы учур.

Буга окшогон окуя 2006-жылы Бишкекте болгон. Анда Улуттук гвардиянын машыгуулары маалында парашютчан жоокер 10 кВ (киловольт) чыңалуудагы электр линиясына илинип калган. Анда да эч ким жабыркаган эмес — «Түндүк электр» ААКсынын энергетиктери ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге жетип барышып, парашютчуну зымдан алып түшүрүшкөн.