Ала-Бука районунун жашоочуларынан турган топ Чаткал дарыясынын жээгинен мыйзамсыз алтын казуу менен акча табышат. Тапкан алтындарын алар зергерлерге бир граммын эки миң сомдон сатышат.

Орто-Токой айылынын жашоочусу Акылбек Карабаев алты жылдан бери мыйзамсыз алтын казуу менен алектенет. Алтын чыккан жер Жалал-Абал облусунун Ала-Бука районунда, Чаткал дарыясынын кыргыз-өзбек чек арасынан алыс жердеги бөлүгүнүн жээгинде жайгашкан.

«Эң ийгиликтүү күндөрү биз он граммга чейин алтын табабыз», — дейт ал.

Photo_zoloto_04

Зергерлер алардын алтынынын бир граммын эки миң сомго баалашат. Карабаевдин айтымында, бирок ага карабастан алтын казуучулардын эч кимиси деле байып кете элек — анын алтын казып тапкан акчасынын баары үй-бүлөсүн жана төрт баласын багууга кетет.

Photo_zoloto_05

Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, мурда бул аймакта араб жана кытай компаниялары алтын казып иштешкен. Акыркы жылдары анда кытай компаниялары алтын казууга аракет кылышкан, бирок жергиликтүү тургундар аларды экологияны булгап жатасыңар деп айыптап кууп жиберишкен.

«Азыр биз алардан калгандарын казып алып жатабыз. Башка жумуш жок. Аз болсо да [алтын казып иштеп жатабыз], бирок биз мындай жол менен үй-бүлөлөрүбүздү багып атабыз», — деди дагы бир алтын казуучу Таштан Таникулов.

Photo_zoloto_02

Орто-Токой айылында алтын казуу менен эки жүзгө жакын адам алектенет. Арасында алтынды атайын техника менен казып алгандары да бар — алар жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иш алып барышат, бирок алтын казуучулардын көбү мыйзамсыз иштешет.

Photo_zoloto_01

«Жер казыналары тууралуу» мыйзамдын 9-беренесине ылайык, алар алтын казып иштөөгө жергиликтүү бийликтен расмий уруксат алуулары керек, бирок андагы мыйзымсыз иштерди эч ким көзөмөлдөбөйт.

Чаткал дарыясы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагындагы тактала элек тилкеде чыңалуу абалынын жаралуусунун себептеринин бири болгон Касансай суу сактагычына барып куят. 18-мартта Өзбекстан ал тилкеге өз аскерлери менен аскер техникаларын жайгаштырган. Эртеси кыргыз тарап да ошондой кадамга барып, өз аскерлери менен БТР унааларын чек арага жакын алып барган.

Тараптардын аскер техникалары менен аскер күчтөрү чек арада 26-мартка чейин турушуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек кызматтарынын башчылары аларды алып кетүү тууралуу макулдашкандан кийин чыгарылган.