Мусулман кыздардын жоолугу спорт менен машыгууга тоскоол болбойт, деп ишендирет эркин күрөш боюнча Азия биринчилигинин коло байгесинин ээси Каным Буркан кызы. Спортчу кыз жоолукту чечүү же күрөштөн кетүү талаптарына көңүл бурбайт.

Каным Буркан кызы эркин күрөш менен 15 жашынан бери машыгып келет. Азыр ал 18 жашта, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене-тарбия жана спорт жогорку мектебинин 1-курсунда окуйт.

Жаш спортчу кыз хиджаб кийген кыздар тууралуу стереотиптердин алкагында жашоону каалабайт. Ал жоолук кыздардын спорт менен машыгуусуна тоскоол болот деген пикирлер менен макул эмес.

«Мага көбүнчө «Спорт аялдын иши эмес!», «Эмнеге спорттук факультетке тапшырдың?», «Хиджаб кийген кыздар да спорт менен машыкмак беле?» деген сыяктуу суроолорду беришет. Бирок мен дайыма ийгиликтериме кийимдерим тоскоол болбостугун айтып жооп берем», — деди Буркан кызы.

Анын айтымында, мусулман кыз спорт менен машыкпаш керек деген ырастоолор негизсиз. Далил катары ал Мухаммед пайгамбардын айткандарын келтирди.

«Пайгамбарыбыз аял кишиге дагы, эркек кишиге дагы билим алыш, өнөр үйрөнүш бирдей берилген деп айткан. Ошондуктан мен спорт жагын тандап алдым, анын эч кандай тоскоолдугу, эч кандай зыяны жок деп ойлойм. Тескерисинче, бул спорттун пайдалуу жактары абдан көп», — деди спортчу.

Бурхан кызы спортко болгон кызыгуусу кичинекей кезинде эле, атасынын машыгууларын көргөндөн кийин пайда болгонун айтты.

«Атам чыгыш мушташ түрлөрү боюнча кара курдун ээси. Мен атаман үлгү алгам, ал мени дайыма бардык жактан колдоп келет», — дейт ал.

Буркан кызы мектепти аяктап жаткан кезде эле көптөгөн жергиликтүү мелдештердин жеңүүчүсү болгон. 2013-жылы Кыргызстандын биринчилигинде жеңишке жеткенден кийин эркин күрөш боюнча спорт чебери болгон. 2015-жылы Мьянмада өткөн эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында үчүнчү орунду алган.

Спортчу кыз күрөш аянтына жоолукту мусулмандарча салынып чыгат. Машыктыруучулары менен жакындары анын сырткы көрүнүшүнө түшүнүү менен мамиле кылышат.

«Бизде намаз окуган төрт кыз машыгат. Каным эркин күрөш менен гана чектелбейт, ал дзюдого жана самбого барат. Ал биздин залдагы 48 килограмм салмакка чейинкилер арасындагы күчтүү кыздардын бири. Жакында Кыргызстандын университеттеринин ортосунда универсиада өтөт жана анда биз ага абдан үмүт кылабыз», — деди анын дзюдо боюнча машыктыруучусу Абас Тынаев.

Каным Буркан кызы келечекте күрөш боюнча кыздардын машыктыруучусу болуп, Кыргызстанда спорттун өнүгүүсүнө салым кошсом деп кыялданат.

Автор: Айзирек Жусупова
Видео: Нурсейит Төлөнбай уулу
Монтаж: Азат Рузиев