Чүй облусунун Жал айылында жашаган жыгач уста Исламбек Шамбетов күн сайын тапшырык боюнча жүздөн ашык азембелек жасайт. Кардарларынын арасында анын шахматтары өзгөчө суроо-талапка ээ.

Исламбек Шамбетов 2000-жылы мектепти аяктап, Сүймөнкул Чокморов атындагы кесиптик окуу жайынын кол өнөрчүлүк бөлүмүнө тапшырган. Окууну аяктагандан кийин ал айылдагы мектепте эмгек мугалими болуп иштеп, өз жөндөмдүүлүгүн такшалтып келген.

«Менин он шакиртим бар. Алардын кээ бирлери бул өнөрдү жакшы өздөштүрүшүп, үй-бүлөлөрүн багып жатышат», — дейт Шамбетов.

Негизинен жыгач уста жыгачтан түрдүү шахмат тактайларын, анын фигураларын, туткаларды жана башка азембелектерди жасайт.

Уста ага бул иштин эмнеге жага турганын түшүндүрүп бере албайт. Ал ага болгону колдору менен иштөө жагарын айтты.

Бардык керектүү нерселерди ал базардан сатып алат. Уста колунан жаралган буюмдар даяр болгон соң Бишкектин Ош базарындагы туруктуу кардарларына барып сатат.

Шамбетовдун айтымында, анын ишинин эң оор бөлүгү — бакты кесүү жана жылмалоо процесси. Коргоо көз айнегине карабастан чаң көзүнө кирип, устага ыңгайсыздыктарды жаратат.

Авторлор: Бегимай Бекмуратова, Сезим Муктарбек кызы, Дастан Үмөттегин