Сьюзен Коллинздин повестинин негизинде уюштурулган «Голодные игры» интерактивдүү квести Бишкектин четинде өттү. Жеңишке жетүү үчүн анын катышуучулары жалгыздап же кимдир бирөө менен биргеликте «тирүү калуулары» керек болчу.

«Голодные игры» квести Сьюзен Коллинздин ошондой эле аталыштагы трилогиясына негизделген — ал китептерде жыл сайын өспүрүмдөр арасында тирүү калуу боюнча реалити-шоулор өткөрүлүп турган постапокалиптик дүйнө тууралуу баяндалат.

Квестте жеңишке жетүү шарттары — калган катышуулардан кутулуп, «тирүү калган» жалгыз катышуучу болуу. Калгандарды пейнтбол куралынын же атайын бор маркерлери менен оюндан четтетүүгө болот.

Kloop.kgнин кабарчысы Даниил Ляпичев Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлгөн «Голодные игры» оюнуна катышып, өзүн сынап көрдү. Анын кандай болгондугун төмөнкү видеодон көрүңүздөр:

Видео: Даниил Ляпичев, Дастан Үмөттегин