«Кыргыз Чоролору» жана «Калыс» кыймылдарынын өкүлдөрү «Ой ордо» берүүсүнүн ЛГБТнын укуктарына арналган чыгарылышын алып барган КТРКнын кызматкери Айгүл Курманованы кызматтан кетирүү талабы менен митингге чыгышты.

«Кыргыз Чоролору» жана «Калыс» кыймылдарынын жыйырмадан ашык активисти «ЛГБТны пропагандалоого» каршы митингге чыгышты. Алар «Ой ордо» берүүсүнүн ЛГБТнын укуктары менен бир жыныстуулардын баш кошуусуна арналган чыгарылышын алып барган Коомдук биринчи каналдын кызматкери Айгүл Курманованын жумуштан бошотулушун талап кылышууда.

Алар берүүнүн «Толеранттуулукпу же руханий баалуулукпу?» деп аталган чыгарылышы «содомия жана гомосексуализм сыяктуу бузуку баалуулуктарды пропагандалады» деп эсептешүүдө.

13241457_1039444679467571_7944481_o

Митингдин катышуучулары Улуттук филармониянын алдындагы аянтка чогулушту. Андан соң КТРКнын имаратына чейин жөө барышып, «көрсөтүүнүн эфирге чыгарылышына уруксат бергендиги үчүн» корпорациянын башкы директору Илим Карыпбековдун «эл алдында кечирим сурашын» талап кылышты.

Активисттер колдоруна «Кыргызстанда содомиттерге орун жок», «Гомосексуалдуулукту пропагандалаганды токтоткула» жана «Биз бузуку баалуулуктарга каршыбыз» деген жазууларды алып жүрүшөт.

13271753_1039444749467564_1441680819_o

Митингчилердин арасында «Ой ордонун» аталган чыгарылышына катышкан «Жаңы Муун» кыймылынын активисти Мавлян Аскарбеков да жүрдү. Эфирден ал учурда «ЛГБТга өзүнчө укуктарды берүү тенденциясы жүрүп жатканын» айткан.

«Жаңы Муундун» дагы бир мүчөсү Максат Казакбаев митингге КТРКнын жетекчилигинен көрсөтүү үчүн эмнеге ЛГБТ темасынын тандалганын билүү үчүн келгенин айтты.

«КТРК каналы мамлекеттик болуп эсептелет жана ал теманы биз санкцияланган эмес деп эсептейбиз. Азыркы учурда биздин өлкө андай (ЛГБТ) көрүнүштөргө даяр эмес. Өлкөдө андан башка көйгөйлөр толтура — социалдык, экономикалык. Бүгүн биз бул жакка ал теманын эмнеге байланыштуу экенин талкуулоо үчүн келдик», — деди ал.

WhatsApp-Image-20160519-2

«Бардык актуалдуу көйгөйлөрдү көрсөтүү»

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Kloop.kgге курган маегинде аны менен митингчилердин ортосунда конструктивдүү сүйлөшүү болгонун айтты.

«Тигил же бул адамдардын КТРКнын берүүлөрүнө реакция жасап, өзүнүн нааразычылыктарын, позицияларын жана талаптарын айтып жаткандыктары нормалдуу көрүнүш. Канал — жеке меники эмес, а коомдук, ошондуктан мен белгилүү бир адамдардын эфирге чыгуусуна тыюу салып же уруксат бере албайм. Биздин Конституциябыз менен мыйзамдарыбыз андай кылууга жол бербейт, ошондуктан коомчулукта көтөрүлүп жаткан бардык актуалдуу көйгөйлөрдү балансташтырып көрсөтүүгө аракет кылабыз, албетте тиги же бул адамдардын топторунун жеке сезимдерин эске алуу менен», — деп белгиледи ал.

Карыпбеков эгер ЛГБТ жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, анда КТРК аны аткара тургандыгын кошумчалады.

«Андай мыйзам жок болгондон кийин мен жеке өзүм кандайдыр бир буйруктарды бере албайм. Бирок биздин коом ачык, толеранттуу жана демократиялуу, анда көп түрдүү пикирлер бар. Мен бир топтогу адамдардын эфирге чыгуусуна уруксат берип, а башкаларынын чыгуусуна тыюу сала турган мыйзам кабыл алынбайт деп ойлойм», — деп жыйынтыктады ал.

WhatsApp-Image-20160519-4

КТРКнын эфиринде көрсөтүлгөн ал берүүнүн конокторунун бири жана ЛГБТнын укуктарын коргоочу Сумсарбек Мамыралиев КТРК «Ой ордонун» чыгарылышы үчүн кечирим сурабашы керек деп эсептейт. Анын пикиринде, анткени телеканал — коомдук, а гейлер менен лесбияндар дагы башкалар сыяктуу эле толук кандуу жарандар жана салык төлөөчүлөр болуп эсептелишет.

««ЛГБТны пропагандалоо» дегендин эмне экенин дагы деле түшүнө албай келем. Кыргызстанда ЛГБТнын зомбулуктар менен эзүүлөргө кабалып жатышы көйгөйлөрдүн бири. Эгер биз тең укуктуу жана күчтүү мамлекет курууну кааласак, анда кандайдыр бир өзгөчөлүгүнө карбастан бардык адамдардын укуктарын коргошубуз керек», — деди ал Kloop.kgге.

Мамыралиевдин пикиринде, ЛГБТнын каршылаштары жакпаган берүүлөрүн көрбөй коюу укугуна ээ, бирок алар Коомдук телеканалдан «башка адамдардын (ЛГБТ) укуктарынын кемсинтилишин» талап кылбашы керек.

«Данияр [Айтман] жакшы айтты, мыйзам, Конституция деген бар. Келгиле Конституцияга карманалы. Алардын укуктарынын кемсинтилгенин кантип сезгендиктерин билбейм. Жакпаса көрбөй эле кой, дайыма тандоо бар», — деди ал.

КТРКнын эфири

«Ой ордо» берүүсүнүн ЛГБТнын укуктарына арналган чыгарылышы Коомдук биринчи каналдын (КТР) түз эфиринде 12-май күнү кечинде көрсөтүлгөн. Чыгарылыштын темасы «Толеранттуулукпу же руханий баалуулукпу?» деп аталган.

Берүүнүн башкы коногу гей экенин ачык айткан Максим болгон. Ал «Ой ордонун» эфиринде өзүнүн сексуалдык ориентациясын кантип түшүнгөндүгү жана күнүмдүк жашоосунда кандай көйгөйлөргө кабыла тургандыгы жөнүндө айтып берген.

ЛГБТ укуктарын коргоочулардын тарапташтары катары берүүгө активист Сумсарбек Мамыралиев менен блоггер жана эл аралык финансист Данияр Айтман катышкан. Алардын каршылаштары мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу менен Мавлян Аскарбеков болушкан. Берүүнүн ал чыгарылышын Айгүл Курманова алып барган.

Айтман анда ЛГБТ укуктарынын корголушу жана бир жыныстуулардын баш кошуу мүмкүнчүлүктөрү Кыргызстандын Конституциясы тарабынан камсыз кылынышы керектигин айткан. Жооп катары Бакир уулу мамлекет «коомдук тынчтык менен адеп-ахлак баалуулуктарын сактоо үчүн жарандардын укуктарын чектей ала тургандыгын билдирген.

Сүрөт жана видео: Даниил Ляпичев