«Иззат — биздин сыймыгыбыз». Олимпиадалык коло байгенин ээсин Кыргызстанда кандай тосуп алышты

Рио олимпиадасында коло байгени жеңип алган Иззат Артыковду Бишкекте дүркүрөгөн кол чабуулар жана «Иззат — биздин сыймыгыбыз» деп жазылган көрнөктөр менен тосуп алышты. Артыков Рио-2016да жеңишке жеткен жалгыз кыргызстандык.

Артыков Кыргызстанга 12-августутта эртең менен учуп келди — аны торт, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосушуп, күйөмандардын кубаттоо кыйкырыгы менен селкинтишти. Ал Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада байгеге жеткен жалгыз кыргызстандык.

Спортчу 69 килограмм салмагында мелдешке чыккан. Түртүп көтөрүүдө кыргызстандык жалпы 339 килограмм жыйынтык салмагы менен үчүнчү орунду камсыздаган. Иззаттын байгеси кыгыз спортунун тарыхында — төртүнчү жана оор атлетикада — биринчи жеңиш болуп эсептелет.

Izzat-Artykov-1

Алгачкы үч бейгени Кыргызстандын курама командасы 2008-жылы болгон Пекин Олимпиадасында алган. Анда грек-рим күрөшчүлөрү Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев өлкөгө күмүш жана коло байге алып келишкен. Биринчи олимпиадалык медалдын ээси дзюдочу Айдын Смагулов. Спортчу 2000-жылы Сиднейдеги мелдеште коло байгеге татыктуу болгон.

Байгеси үчүн Артыковго 3,5 миллион сом тапшырылат, ага кошумча Улуттук олимпиада комитети тарабынан батир жана унаа берилет. Аны менен бирге спортчу айына 15 миң сомду түзгөн туруктуу стипендиянын ээси болот.

Сүрөттүн булагы: «Манас» аэропортунун «Фэйсбуктагы» барагынан алынды