Атамбаев Отунбаева менен экс-министрлерди Баш мыйзамга өзгөртүү боюнча нааразылычыктары үчүн сындады

Президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн жана экс-президент Роза Отунбаеваны Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыкканы үчүн сындады. Президент эмне жөнүндө сөз кылды жана кандай айыптоолорду оозго алды?

Атамбаев Эгемендүүлүк күнүн куттуктап жатып сүйлөгөн сөзүндө өзүнө жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы «жалган-жалаа кампаниясы жүрүп жатат» деп билдирди. Ал Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүнүн кайрылуусун «карасанатай калп» деп атады. Алар — экс-президент Роза Отунбаева жана мурдагы министрлер — президентти өлкөнүн негизги мыйзамдарын өзгөртпөөсүн өтүнгөн. Бирок Атамбаевдин айтымында, Баш мыйзамды өзгөртүү керек, анткени анда «авторитардык режимди түзүүнүн миналары» камтылган.

Президент Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн танап-тоноочулукка, өз кызматтык абалдарынан кыянат пайдаланууга жана сепаратисттерге шыкакчылыкка айыптады. Ошону менен бирге Атамбаев так ысымдарды келтирген жок. Айтымында, күч органдары «бардык издерди тазалап салгандыктан» өз сөздөрүнө далили жок. Бирок ал Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү эртеби-кечпи бул үчүн жооп бериши керек деди.

Атамбаевдин сынына Отунбаева кабылды. Отунбаева 2010-жылдын апрелинде бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн курамында болгон. Атамбаевдин айтымында, 2010-жылдагы референдумда Баш мыйзамдын жаңы вариантына эле эмес, өздөрүнө президентти бир жарым жылга шайлаганына добуш берип жатканын «жарандардын көпчүлүк бөлүгү билген эмес».

B4B3920E-A095-49B7-9B36-0068C6FFCE36_cx0_cy13_cw0_w987_r1_s_r1_

Ал президент катары Отунбаеваны шайлабай эле парламенттин спикери кылып койсо болмок деп эсептейт. Бул президенттин милдетин аткаруучу статусту бермек. Мындай учурда, Атамбаевдин айтымында, Баш мыйзамды өзгөртпөй эле койсо болмок. Президенттин сөзүн угуп сахнада олтурган Отунбаева Атамбаевдин кебинен кийин салтанатты таштап басып кетти.

Баш мыйзамды өзгөртүүнүн каршылаштарын ал «кара күч» деп атады. Анын айтымында, «кара күчкө» киргендер: «мурдагы президент Аскар Акаевдин аспиранттары», «Бакиевдин адвокаттары», Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун тарапташтары, «башка өлкөлөрдөн колдоо алып, гранттын эсебинен жашагандар», «ыплас саясатчылар» жана Атамбаев капа кылгандар же кызматтан алгандар.

Атамбаев 2010-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканын билдирди. Анын ою боюнча, өлкөнүн негизги мыйзамын 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин шашылыш түрдө алмаштырып коюшкан. Президент ошол шашылыш кадамдан улам Кыргызстанда 2014-жылга чейин «башаламандык» — «бүтпөгөн митингдер, жол тосуулар, райондук жана облустук администрацияларды басып алуулар» болгон деп эсептейт.

Атамбаев дагы бир жолу кийинки мөөнөткө калбай турганын кайталады. Президент премьер-министр же парламенттин спикери болбой турганын кошумчалады.

Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги себептеринин бири — БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндөгү чечими. Аскаров милиционердин өлүмүнө катыштыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Атамбаев азыркы Баш мыйзам менен Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча комитетиндеги тогуз адамдан көз каранды болуп калат деп айткан.

«Жана ошол тогуз адамга жакпай калган бардык чечимдерди алар жөн эле олтуруп кабыл албай коюшу мүмкүн. Алар керек болсо биздин өлкөнүн мыйзамдарын өзгөртүп, өчүрүп салышы мүмкүн. Буларды билип туруп кантип биз Кыргызстан суверендүү мамлекет деп айта алабыз? Кантип бул Баш мыйзам менен мындан ары жашай алабыз?» — деген ал.

Тема боюнча: