Видео: Бишкекте Айт намазы өттү  

Мусулмандардын майрамы Курман айт намазына Бишкектин эски аянтына миңдеген сыйынуучулар чогулду.

Эски аянтка майрамдык айт намазга жыгылуу үчүн миңдеген мусулман келди. Намаздын башталуу убактысы таңкы саат 6:45ке белгиленген.  

Мусулмандардын алдына Мухаммед пайгамбардын хадистерин баян кылып имамдар чыгышты.

Айт намазды өткөрүүгө муфтий Максат ажы Токтомушев катышты. Ал Курман айт — «мусулмандардын эң башкы майрамынын бири, адамзаттын түбөлүк баалуулугун аныктаган: тынчтык, биримдик, кайрымдуулук жана өз ара жардамдашуунун» майрамы деп атады.

klp_9845

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин  мусулманадарга жиберген расмий куттуктоосун окуп берди.

«Курман айт элибиздин башка диний майрамдар сыяктуу эле кыргызстандыктардын диний жашоосундагы адеп-ахлактын негиздерин жана коомдун биримдигин бекемдеген маанилүү күн болуп калды», — деп куттуктоодо айтылды.

Жээнбеков жеке өзүнүн атынан дагы мусулмандарды куттуктап, аларды диний радикал агымдарга кошулбоого чакырды.

Айт намаз убагында тартип бузууларды жана коопсуздукту сактоо үчүн үч миңден ашуун милиция кызматкерлери иш алып барышты.

klp_9814

Курман айт — бул жыл сайын өтүп туруучу мусулмандардын курмандык чалуу майрамы. Ал мусулмандардын Меккеге барып зыярат кылуусунун аякташын белгилейт.

Мусулмандар календары 354 күндөн турат. Ошондуктан бул диний майрамды белгилөө күнү григориан календарына карата жыл сайын жылып турат. Бул жылы Курман айтты майрамдоо 12-сентябрга белгиленди.

Видео: Азат Рузиев