Гүлнур Сатылганова Айчүрөк Иманалиеваны ыр уурдагандыкка айыптады

Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова 25-сентябрда өзүнүн «Фэйсбук» барагында анын «Сахна» ырын уруксатсыз Айчүрөк Иманалиева аткарганын жазып чыккан. Айчүрөк Иманалиева болсо ыр өзүнүкү экенин айтууда.

«Сахна» ыры чыккандан соң, ырчы Гүлнур Сатылганова өзүнүн «Фэйсбук» барагында, бул ырын Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз аткарып жаткандыгын жазып чыкты.  

«2016-жылдын февраль айында, сөзүн жазган автор Чомоев Дүйшөнбек менен жолугушуп бул ырдын сөзүн жаздыргам, анан бул сөздөргө Рамис Алиевге обон жаздырып, авторлор менен келишим түзүлгөн,ошентип жарым жылдан бери бул ырдын үстүндө иштеп жаттык. Менин айтайын дегеним, мен үчүн жазылган бул ырды Айчүрөк Иманалиева авторлордун уруксатысыз ырдап алганы авторлордун да, менин да кыжырымды келтирип жатат», — деп жазган Сатылганова.  

Сатылганованын айтуусунда, бул музыкалык чыгарманын үстүнөн түзүлгөн келишимдер анын колунда жана ал «Кыргызпатентте» катталган.  

Сатылганова Иманалиева менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылган, бирок ал жооп берген эмес.

«Мен аны менен сүйлөшөйүн дедим, телефон чалдым, ал жооп бербей койду, бир канча жолу байланышууга аракет кылдым», — деди Сатылганова Kloop.kgге курган маегинде.

Сатылганова белгилегендей, Иманалиева «Сахна» ырын толук иштелип чыкпаган вариантта ырдап жатат.  

«Анын ырдаган версиясы — бул толук иштелип чыга электеги варианты. Мени ырымды кайсыл жактан, кимдер аркылуу алганын мен түшүнбөй жатам», — деди Сатылганова.

«Сахна» ырынын автору Дүйшөнбек Чомо уулу «НТС» телеканалына курган маегинде, Иманалиеванын аткаруусундагы ырды радиостанциялар ырлар тизмесинен өчүрүп салышкан.   

«Айчүрөк Иманалиева "Сахна" ырын аткарууга укугу жок, ал биздин бир ооз сураган жок, мен бул ырды аткаруусуна эч кандай уруксат берген эмесмин. Бул ырды мен Гүлнур Сатылганова үчүн жазгам», — деди ал.

Ал эми «Super.kg» басылмасына курган маегинде, Иманалиева Сатылганова «алдап» жаткандыгын билдирген жана ыр ал үчүн жазылганын айтууда.

«Ырды чыгарманын автору Рамис Алиевден алгам. Ал мага башка ыр жазып бермек. Акчасы да алдын ала берилген. Бирок ал чыгарма мага жакпай калып, 2 айдан кийин ушул "Сахна" деген ырды жазып берген. Буга жарым жыл болуп калды. Гүлнур "ал ыр мага жазылган, мен буйрутма бергем" деп калп айтып жатат. Тескерисинче, музыкасын мен бүтүрүп, Рамис акчасын алып койгону үчүн эле сатып жиберди. Албетте, азыр мен Гүлнурга жаздым деп айтат», — деди Иманалиева «Super.kg» басылмасына берген интервьюсунда.

Ал эми «Азаттык» радиосуна болсо, Иманалиева бул ызы-чуу тууралуу кенен отуруп сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

«Мен албетте автордук укуктарды сыйлайм. Бир ырдын айынан 30 жылдан берки топтоп келген кадыр-баркымды кетирип алгым келбейт. Чындыгында, мен ырды толук иштеле элек вариантта ырдап жүрөм. Бирок, угуучуларга бул жагууда. Эгер Сатылганова аткаргысы келсе, аткара берсин, мен каршы эмесмин», - деген Иманалиева.

Cүрөт: Ажар Шабданова / #ONE MAGAZINE