Бул «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин колонкасы, бул жерде анын жеке пикири чагылдырылат.
Болжол менен быйыл августка чейин мен Кыргызстандын келечеги тууралуу ойлогондо үмүткөр маанайда элем. Биздин өлкөдө баары кандай жакшы экендиги жөнүндө менин баладай сүйүнгөн үч текстимди табыш кыйын эмес.
Бирөө 2015-жылдагы парламенттик шайлоо жөнүндө болчу. Мен шайлоо салыштырмалуу таза өткөнүнө сүйүнгөн элем. Бизде парламентте алты партия болсо, президенттики 30 пайызга жетпеген добуш алды. Мунун баары скандинавдарча, өтө кооз көрүнгөн.
Экинчи текстим президент Алмазбек Атамбаевдин кызы болсо да капысынан абдан жакшы адам болуп чыккан Алия Шагиева жөнүндө болчу. Өлкөнүн алгачкы эки президентинин балдары негизинен акмак эле болгон, мында болсо капысынан эле эч нерсеге көз артпаган сүрөтчү кыз чыга калды.
Үчүнчү текстим коомдук каналдын эфиринде кумсалар менен лесбиянкалардын укуктары талкууланганы тууралуу болчу. Талкуу сабатсыз жүргөнү чын жана пайдасына караганда зыяны көп болду, бирок бул мага өтө чоң прогресс болуп сезилген эле.
Мен Кыргызстандын бул жетишкендиктери жөнүндө кайсы жерде жүрсөм да айтып жүрдүм — ал эми акыркы жылдары мен кайда гана болгон жокмун (Донецктин жанындагы майдан сызыгынан Ванкувердеги ТЕД сахнасына чейин).
***
Бирок 2016-жылдын августунда баары өзгөрө баштады — негизги бурулуш Атамбаев Конституцияны алмаштыруу боюнча пландарын бекемдеген күнү болсо керек.
Ошол иш жасалып жаткан кырдаалдын өзү шектүү эле — бийликке жакпаган журналисттерди колдон келишинче оолак кармаш үчүн Ысык-Көлдө көчмө басма сөз жыйыны өткөрүлгөн.
«Клоопчулар» ал жакка барып өздөрү аккредитациядан өтсө, Атамбаев алар менен сөз талашып кирди.
Анда ал «Клооптон» конституциялык реформа тууралуу Данияр Айтмандын колонкасын окуган соң заңдын үстүн басып алгандай болгонун айтып ийип, анысы элге жайылып кеткен.
Президент анда заң тууралуу айтып жатса, мен ошол учурдан тартып бүт өлкө килтейген заңга кулап баратат го деп ойлодум.
Мен чет өлкөдөн ушунчалык сыймык менен айтып жүргөн Кыргызстандын бардык жетишкендиктери куру кыйкырык болуп чыкты.
***
Саясатта эч кандай көп партиялуулук болгон жок, тышкы кебетеси эле бар. Бийлик каалаган убагында парламенттик көпчүлүккө ээ болот жана каалаган мыйзамды кабыл ала алат. Конституцияны алмаштыруу боюнча жагдай ошону көрсөттү.
Ал эми тигил көптү үмүттөндүргөн жаш Жанар Акаевдер, Дастан Бекешевдер жана Элвира Сурабалдиевалар болгону көңдөй карьерист жана популист гана болуп чыгышты. «Мен партиянын башкы багытын колдойм» деп жазды бир жолу мага «Твиттерден» КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева, экөөбүз конституциялык реформа боюнча талашып жатканда.
https://twitter.com/ElviraSur/status/780260879187206144
Парламенттин жаш депутаттары өлкөнү жакшы жагына реформалай турган күчкө окшобой эле, комсомолдук парторгдорго окшоп турат. Алардан эч нерсе күтпөй деле койсо болот.
ЛГБТны кошкондо адам укуктарын талкуулоонун жыйынтыгы да аягында түшүнүксүз болуп калды — КТРКдан берүү деле чыккансыды, бирок андан кийин телеканалдын жетекчилиги сөгүш алып, ал эми «Клооптун» башкы редакторы Элдияр Арыкбаев эмнегедир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылды (УКМК - мурдагы УКМК, УКК, КГБ, НКВД жана башка көптөгөн үрөй учурган аббревиатуралар).
Алия Шагиева мурдагыдай эле баёо жана татынакай бойдон жүрөт, бирок анын атасы баштаган жоруктан анысы аз да болсо сактай алабы?
Сөз болгон нерселерден тышкары, УКМК оппозицияга, укук коргоочуларга жана журналисттерге кысым көрсөтө баштады окшойт.
Парламенттин депутаттары калкты Төлөйкан Исмаилованын жылмаюусу өңдүү жоктон тапкан маселелер менен алаксыта башташты.
Ал эми биздин эң адамгерчиликтүү сотубуз саясий туткун Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгаруудан баш тартууда.
Кыргызстан жөнүндө чет өлкөлүктөргө айтып бере турган эч нерсе деле калган жок сыяктуу.
***
Бирок айтып бере турган бир нерсе бар. Мен чириген бийликке карабастан өлкө кандай сонун бойдон кала бергенин, мурдагы чакырылыштагы парламент кылган бир гана эң жакшы нерсе — дүйнөдөгү 44 өлкөнүн жарандары үчүн визаларды алып салганы болгонун айтып бере бердим.
Мен Кыргызстанга чакыра тургандарды чакырып жүргөм, чакыра берем. Мен биздин милиция тоногонду жана кыйнаганды жакшы биле турганын эскертип, бирок өлкө баары бир келип кеткенге татыктуу экенин айтам.
Мен жолдордо кээде асфальт жок болуп, көбүнчө караңгы болоорун, коомдук унаа жапайы формада экенин, ортоңку класс түнөп кете турган жерлер дээрлик жок экенин эскертем, бирок Кыргызстанга суктанса гана болот жана ага келип кетиш керек.
Андан тышкары бизге Европадан учуп келиш абдан арзан болуп калды (мен өзүм жакында эле эки жагын кошкондо 300 долларга билет алдым) жана — ооба! — эгерде сиз Евробиримдиктен, АКШдан, Канададан же Австралиядан келатсаңыз, сизге визанын кереги жок. Кыргызстанга келгиле, чек ара көзөмөлүнөн өткүлө да өлкөнүн ырахатын көрө бергиле.
Акыркы эки жылда өлкөдө туристтер кыйла көбөйдү, алар менен кошо конок үйлөрдүн жана тоолорду жөө кыдыруучу туризмдин бүтүндөй инфратүзүмү өсүп чыкты. Биздин экономика үчүн туристтерди тартуудан артыгы жок.
***
Туристтерди гана эмес. Кыргызстанда баары жаман боло баштаганда мен жаштарды окутуу аркылуу өлкө үчүн колумдан келгенин кылып жатам деп өзүмдү сооротом.
Мен аларды журналистикага эле эмес, өз жемин жедирбегенге жана бийликтен талап кылганга үйрөтүп жатам да, бул болсо кайсы кесипте болбосун абдан маанилүү сапаттар.
Билим берүү — өлкөгө жумшала турган эң мыкты инвестиция. Эгерде мамлекет муну түшүнбөсө, биз ал жок деле инвестиция жумшай алабыз.
Дал ошондуктан биз, мисалы, Сан-Францискодон чыккан, мурда «Гуглда» иштеп кеткен программист Скотти Алленди «Клоопко» чакырып келдик. Сентябрда ал «Клооптун» кеңсесинде жергиликтүү өспүрүмдөрдү микросхемаларды ширетүүгө жана программалаганга үйрөтүш үчүн Кыргызстанга келди.
Өлкөмдө кандай үрөй учурган нерселер болуп жатканына карабай, өзүмдүн чакан билимимди бөлүшүп же бул жакка өз ишинин эң мыкты адистерин алып келүү — өлкөм үчүн жасай ала турган нерсенин эң жакшысы.
Скотти эч кандай виза алууга муктаж болбогону абдан жардам берди. Ал учакка түшүп, Бишкекке келип, жергиликтүү балдарды үйрөтүп кирди.
Эми болсо мына, акыркы үмүт үзүлүп жатат — Тышкы иштер министрлиги 4-ноябрдан тартып Кыргызстанга келген кайсы гана чет өлкөлүк жарандар болбосун жашаган жеринде беш күн ичинде каттоого турууга милдеттүү экенин жарыялады.
Мен үчүн бул ансыз деле октон денеси калбыр болгон кишини биротоло башка таамай атуу менен барабар. Кыргызстанда быйыл көңүл калтырган нерселер аз болгонсуп, бийлик жарадарды түрү суук, артка тарткан чара менен биротоло өлтүрмөй болду.
Чет өлкөлүктөрдү каттоо — бул ансыз деле өлкө белчесинен батып кеткен коррупция үчүн жаңы шылтоо.
Бул жергиликтүү чакан бизнестин акчасын тартып алуу, анткени бул чечимдин айынан туристтер мурдагыдан да азаят.
Анан дагы бул өлкөнүн кызыкчылыгына түкүрүп да койбогонун быйыл дагы бир жолу көрсөткөн биздин бийликтин майланышкан колуна тие турган акчанын жаңы агымы.
Мен баары бир кылчумду кыла берем — Кыргызстандын жаштарын окутууга жана агартууга бардык күчүмдү жумшай берем. Бийликтин эч кайсы аракети мени багынта албайт. Мен каргыш тийген 2016-жылы кабыл алынган келесоо мыйзамдарды жана токтомдорду жокко чыгара турган муун отуз жылдан кийин болсо да өсүп жетилиши үчүн колумдан келгенин кылам.
Ырас, аларды эми Скотти Аллен «Скайп» аркылуу үйрөтсө керек.
P.S. Бул макалага карата негизги фотосүрөт катары Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы эл аралык аба майданынын мен тарткан сүрөтү пайдаланылууда. Ал өнүгө бермек, бирок бийлик анын майышып, жок болушу үчүн колдон келгенин кылууда.