Тышкы саясат, «Белизгейт» жана келечек пландар. Басма сөз жыйынында Атамбаев эмне жөнүндө сүйлөдү?

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жыл сайын өтүүчү басма сөз жыйынында Кыргызстандын Орусия, Түркия жана Кытай менен болгон мамилеси, инфратүзүмдүк долбоорлор, «белизгейт» жана келечек пландары тууралуу айтып берди.

Тышкы саясат

  • Кыргыз-орус мамилелери

Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары Атамбаев Орусия менен Кытайды атады.

«Биз бардык өлкөлөрдү сыйлашыбыз керек, бирок биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз — Орусия жана улуу Кытай», — деди ал.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: «АКИпресс».

Атамбаев Кыргызстандаг Орусиянын аскер базасы боюнча жаңы келишимге кол коюлганын айтты.

«2016-жылы мөөнөт бүтөт. 45 жылга болушу керек эле, бирок биз 15 жылга калтырдык. Биз дайыма Орусиянын стратегиялык өнөктөшү болобуз, бирок биз өз армиябызды курушубуз керек», — деди президент.

  • Кыргыз-кытай мамилелери

Мамлекет башчысы Кытай менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу документке кол койгонун билдирди.

Атамбаевдин айтымында, Кытайдын колдоосу насыялардан эле эмес, гранттардан да көрүнүп турат.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: president.kg.

«Мен […] бизге көрсөткөн колдоого абдан ыраазымын. Бизге жолдордун курулушуна миллиард юандык грант бөлүп беришти. Биз миллиард юанды каяктан алат элек?» — деди президент.

Президент Кытайдан коркуштун кереги жок жана аны менен мындан ары да иштеш керек деп эсептейт.

«Кытай Кыргызстандын туруктуу гүлдөп өнүгүшүнө кызыгат, анткени Борбор Азиядан өрт чыкса ал Кытайдын Шинжаңын да каптайт […].

Кытай эч кимди басып алгысы жок. Ага өзүнүн жери жетишет. Алсыз элдер дайыма бардык жерден коркунуч көрүшөт. Келечекке биздин стратегиялык мамилелерди өнүктүрүү пландары аныкталган жана биз ал жолдон чыкпайбыз», — деди ал.

  • Кыргыз-түрк мамилелери

Алмазбек Атамбаев Түркия тарап ага «таарынганын» айтты. Негизги себеби — Атамбаев Түркия Орусиянын учагын Сирия менен чек арада атып түшүргөнүн моюнга алган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана  Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: president.kg.

«Түркия менен мамиледе таарыныч болгон, анткени алар Орусиянын учагын атып түшүрүп туура эмес кылышканын айткам. Бирок кийин алар аны моюнга алышпадыбы. […] Түркия — биздин ак пейил өнөктөшүбүз. Мен Түркия менен Орусияны кагыштырышкандарды жакшы көрбөйм», — деди ал.

Журналисттер президент түрк аткаминерлеринин Кыргызстандагы «гүлен мектептерин» жабуу тууралуу талабына кандай мамиле кылаарына кызыгышты. Андай талап түрк бийлиги оппозициячыл саясатчы Фетхулла Гүленди төңкөрүш аракети боюнча күнөөлөгөндөн кийин коюлган.

Атамбаев «Себат» түрк мектептерин Түркияда «төңкөрүш уюштурган уюмдар» менен чаташтырбаш керек экенин айтты. Президент аларды күчтүү мектептер деп эсептейт жана аларды жабууга ниети жок.

«Мен Фетхулла Гүленди жана ал Түркияда эмне кылганын билбейм. Не бар, не жок деп биз Билим берүү министрлигин бул мектептердин негизги түзүүчүлөрүнүн бири кылабыз да, аларды «Сапат» деп атайбыз. Биз ал мектептерди жаппайбыз», — деди президент.

  • Евразия экономикалык биримдиги тууралуу

Президент биримдик боюнча кошуналар — Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения — макулдашууларга карабастан, кээде кызматташтыкка «бөгөт» коюп жатышканын айтты.

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттери. Сүрөт: «Азаттык».

«Эгерде биз ЕАЭБге кирбесек, таптакыр блокадада калмакпыз. Азыр андай мамиле кошунабыз-доспуз деген айрым өлкөлөр тарабынан дагы эле тымызын болуп жатат, бул өтө жакшы эмес. Мен бул тууралуу Астанада айтууга аргасыз болдум. Ал жерде Путин да, Назарбаев да бар болчу. Мен баарына тең болууну сунуш кылдым. Макулдашуулардын баарына карабастан бөгөттөр болуп жатты. Биз андай мамилени күткөн эмеспиз. Бирок биз ага чыдайбыз. Бирок эгерде кийин чоң бирикме түзүлүп кала турган болсо, баары тең болушу керек», — деди ал.

Инфратүзүмдүк долбоорлор

  • Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1

Президент Өзбекстан менен Казакстан Камбар-Ата-1ди ишке киргизүү боюнча өнөктөш боло алышаарын айтты.

«Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Камбар-Ата-1 Өзбекстандын муктаждыгы үчүн курулган. Биз бул тууралуу 2013-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен сүйлөшкөнбүз, ал менин айтканыма макул болгон. Азыр биз эки тарап катары иштей баштасак болот. Казакстан долбоорго кирүүгө даяр. Үчөөлөп баштасак, насыяны жапканга да жеңил болот.

Биз ГЭСтерди Өзбекстан менен бирге курушубуз керек. Мен ал жакта Мирзиеев шайланат деп абдан үмүт кылам, аны менен мамилем абдан жакшы», — деди ал.

Камбар-Ата-1дин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын бирден-бир  инвестору Орусия болчу. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн басма сөз жыйынында Атамбаев Орусия бул курулуштарды объективдүү себептерден улам сала албай турганын айткан.

2016-жылдын аянварынын аягында Кыргызстан Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсациялаган.

Депутаттык комиссия иликтөө жүргүзүп, ГЭС үчүн курулган объектилердин баасы эки эсе кымбат көрсөтүлгөнүн аныктап чыккан. Кыргызстан эми Орусияга 37 миллион доллар төлөп бериши керек болот.

ТЕМА БОЮНЧА: Kloop.kgнин иликтөөсү: Жогорку Нарын ГЭСтериндеги объектилерди куруудан ким канча акча иштеп тапкан?

  • Кыргыз-кытай темир жолу

Президент кыргыз-кытай темир жолун куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө да пикир айтты. Ал аны Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен салыш керек деп эсептейт.

Иллюстративдик сүрөт, «Азаттык».

«Кыргызстан үчүн Акаев бекитип кеткен вариант туура келбейт. Ал Кытай менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелерин билдирет. Кыргызстан болсо ал вариантта эч нерсеси жок калат. Биздин вариант боюнча темир жол Ат-Башы аркылуу өтөт.

Биз бир нерсе салып жатсак, ал Кыргызстанга пайда алып келиши керек. Тигил вариант боюнча жол тоолорду аралап өтүп түз эле Өзбекстанга кирип кетет экен. А бизге пайдасы кайсы? Биз экологиянын баарын керектен чыгарып алып отуруп калабыз, болду», - деди ал.

«Белизгейт»

Ноябрдын ортосунда президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Ал президентке документтерди берген — аларда «Ата Мекендин» үч депутаты — Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова — 2012-жылы «Мегаком» уюк байланыш операторунун акцияларын сатууга каржылык кызыкчылыгы болгону көрсөтүлөт.

«Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев. Аны «Мегаком» операторунун акцияларын сатууга каржылык кызыкчылыгы болгон деп айыптап жатышат.

Журналисттер Белизге байланышкан депутаттар жасалма болуп чыкса эмне болоорун сурашты.

Президент бул ишти укук коргоо органдары териштириши керек экенин айтты.

«Мен Башкы прокуратурага мунун баарын текшерип чыгууну табыштадым. Эгерде ал документтер жалган болсо жана УКМКнын төрагасы мага ошондой документтерди алып келсе, ал башы менен да, креслосу менен да жооп берет […].

Кеп кылмыш ишин козгоо жөнүндө эмес, келип түшкөн маалыматтарды текшерүү жөнүндө гана болуп жатат. Бирок мында белгилей кетким келет, азыр ошол эле Елисеевдин лицензиясы боюнча жаңы фактылар чыгып жатат, көрсө ал бардык мыйзамдарды бузуу менен жана жасалма документтерди колдонуу менен берилген экен», — деди Атамбаев.

ЖМК тууралуу

Президенттин басма сөз жыйынына катышууга айрым журналисттерге: «Сентябрь» телеканалынын журналисти Болот Абдыжапаровго жана   «Сентябрь» телеканалынын оператору Ренат Эламановго, «Республика» гезитинин кабарчысы Махинур Ниязовага жана «Фергана» маалымат агенттигинин журналисти Улугбек Бабакуловго уруксат берилген жок.

Президент жакшы жана жаман журналисттер болоорун айтты. Анын айтымында, басма сөз жыйынына «Сентябрь» телеканалынын журналисттери кое берилген эмес, анткени алар «долуланышы» мүмкүн.

«Мурдагы күнү аларга "болбойт" деп айтылды жана туура болду. Анткени маалыматтын кереги болбогон журналисттер болот. Алар журналисттер эмес, бирөөлөрдүн пиар кызматчылары. Долуланып, пиар акция өткөрүп, басма сөз жыйыныңарды өткөрө бергиле, Атамбаевди ылай менен шыбай бергиле, бирок анын баары журналистикага тиешеси жок» , — деди ал.

Атамбаев ошондой эле аткаминерлер чечим кабыл алып жатышканда ЖМКга жана коомдук түйүндөргө көңүл бураарын айтты.

«Азыр кандайдыр чечим кабыл алган аткаминер ага ЖМК гана эмес, коомдук тармактар да кандай мамиле кылышат деп карап турат. Бул жарандык коомдун күчү. Сайттар менен гезиттердин баары иштеши керек. Күчтүү жарандык коомду дал ЖМКлар түзөт. Биз бийликтин тигил же бул өкүлдөрү, парламент, өкмөт коомчулуктун көз карашына жараша чечим кабыл алып жатышканын көрүп турабыз», — деди ал.

Өзүнүн келечек пландары тууралуу

Президент экинчи мөөнөткө барбай тургандыгын билдирди. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев аны «экинчи мөөнөткө калууну» суранышканын айтты.

«Бирок мен андай кыла албасымды, азыр элибиз башкача экенин түшүндүрдүм. Ал кимди татыктуу деп эсептесе ошону өзү тандап алат», — деди Атамбаев.

Атамбаев чыгармачылык жана ишкердик менен алектене берээрин айтты. Президент өз ырларынын альбомун жаздырып койгон.

«Мен дайыма чыгармачылык жана  ишкердик менен алектенүүнү кыялданчумун. Кийинки жылы убактым көп болот. Ырларым толтура. Жагып калчулары бар. Эки ыр жаздырсам эле канча ызы-чуу болду. Азырынча айрымдары түшүнө элек. Мен бир жылча күтүп турайын», — деди президент.

Авторлошу: Регина Им

Басма сөз жыйынынан түз тексттик трансляция: