Орусия «Камбар-Ата-1ди» курбайт, Түркия орусиялык учакты атып түшүрбөшү керек болчу жана «Ислам мамлекетине» кошулган кыргызстандыктарды кыргыз жарандыгынан ажыратуу зарыл — президент жыл жыйынтыгын чыгарган бүгүнкү маалымат жыйынында дагы эмнелер тууралуу сөз кылгандыгы Kloop.kgнин кыскача материалында.

Орусия ГЭСтерди курбайт

Атамбаев Орусия Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер менен «Камбар-Ата-1ди» куруу тууралуу келишимди «аткарбашы мүмкүндүгүн» билдирди. Кыргыз президенти анын орусиялык кесиптеши Владимир Путин Кыргызстандын башка инвесторлорду издей тургандыгын билээрин айтты.

Орусиянын учагын атып түшүрүү — жаңылыштык

Президент орусиялык аскердик учакты атып түшүрүү — эки өлкө ортосундагы жаңжалга алып келген Түркиянын жаңылыштыгы деп эсептейт. Президент түрк тарапка «Орусия койгон шарттардын үстүнөн ойлонуп көрүү» кеңешин берди.

Атайын кызматтарга — көбүрөөк акча

Алмазбек Атамбаев «Ислам мамлекети» коркунучунун фонунда атайын кызматтагыларды каржылоону көбөйтүүнү жана Жакынкы Чыгышта ал уюмга кошулган кыргызстандыктарды кыргыз жарандыгынан ажыратууну сунуштады. Анын айтымында, көйгөй кыргызстандыктардын Сирияге кетип жатканында эмес, а алардын үйлөрүнө кайтып келип жаткандыгында.

Бачабаздарды — механикалык бычуу

Мамлекет башчысы эгер Конституция уруксат бергенде бачабаздар үчүн механикалык бычууну киргизмектигин билдирди.

Бишкектин мэринин ишине баа берилет

Кыргызстандын президенти жаңы жылдык майрамдардан кийин Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун ишине баа бериле тургандыгын айтты. «Көчөлөрдү кыдырып, балким сурамжылоо да жүргүзөбүз», — деди ал.

«Президенттиктен кийин премьер болбойм»

Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин саясатта калуу ниети жок экенин жана ордун басуучу адамды даярдабастыгын айтты.

«Сот арачыларын киргизүүгө болбойт»

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстанда сот арачыларын киргизүүгө «болбойт». Ал аны «баары бири-бирине ага-ини, апа, эже болгон» кыргызстандыктардын менталитети менен түшүндүрдү. Ал мурдагыдай эле чечимдер менен өкүмдөр үчүн жоопкерчилик судьяларда калышы керек деп эсептейт.

Жакында кытай темир жолун куруу маселеси чечилет

Президент Кытай-Кыргызстан темир жолунун курулушуна байланышкан маселе жакынкы убактарда чечиле тургандыгын убадалады. «Анда коллеялардын жазылыгына байланышкан маселе калды, аны бир-эки күндүн ичинде энергетика министри менен чечебиз», — деди Атамбаев. Анын айтымында, ага жолдун эски долбоору жакчу эмес. Ал Нарында Кыргызстанда пайдаланылып жаткан коллеяларды эл аралык стандарттагы коллеяларга алмаштыра турган которуп жүктөөчү станциянын болушун каалайт.

Башкы сүрөттүн автору: Султан Досалиев