Хакерлер сындырышкан: BBC «Шерлок» сериалынын акыркы сериясынын жарыкка чыгып кетишин иликтөөдө

Британ телекөрсөтүү жана радиоуктуруу корпорациясы (BBC) «Шерлок» сериалынын төртүнчү сезонунун жыйынтыктоочу сериясы интернетке чыгып кетишин иликтеп жатканын расмий билдирди. Бул сериалды Орусияда трансляциялоого укук алган «Биринчи канал» уурулукту хакерлерден көрүп жатат.

Британдыктардын популярдуу «Шерлок» сериалынын төртүнчү сезонунун акыркы сериясы интернетке 15-январда — Орусияда расмий көрсөтүлгөнгө чейин эки күн мурда жана Британияда расмий премьерага саналуу сааттар калганда — чыгып кеткен.

Орус тилдүү күйөрмандарга «Биринчи каналдын» орусча дубляжында, бирок расмий логотиби жок серия ачылды. Кийин серия чет өлкөлүк көрүүчүлөргө да англисче субтитрлери менен ачыла баштады.

Шерлок заголовок«Шерлок» телесериалы ВВС каналынын экранына 2010-жылдан бери чыгып келатат жана бүт дүйнө боюнча күйөрмандары бар.

«Биринчи канал» билдиргендей, ал да иликтөөгө ВВС менен кошо катышууда. Алдын ала версия боюнча сериалдын интернетке чыгып кетишине хакердик чабуул себеп болушу мүмкүн.

Төртүнчү сезондун акыркы сериясынын ачыкка чыгып кетиши рейтингге терс таасир этти. Эгерде сезондун биринчи сериясы экранга сегиз миллиондон ашык көрүүчүнү чогулткан болсо, акыркысына беш миллион гана көрүүчү топтолду.

Сериалдын авторлору Стивен Моффарт менен Марк Гэттис экранга 5-сезон чыгышы мүмкүн экенин билдиришти. Айтмакчы, Марк Гэттис сериалда Шерлок Холмстун агасы Майкрофттун ролун ойнойт.

Сериал баш каарманды — «дедукциянын генийин» ойногон британ актеру Бенедикт Камбербэтчке дүйнөлүк атак алып келип, Артур Конан Дойлдун «Шерлок Холмстун окуялары» аттуу айтылуу китебинин сатыгын арттырган.

ТЕМА БОЮНЧА: