Санэпидемкөзөмөлдүн эксперттери «Манас» аба майданынын жанындагы үйлөргө «Боинг-747» кулап түшкөн жердеги топуракты жана сууну изилдеп көрүштү — көрсөткүчтөр кадимкидей болуп чыкты.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев адистер экспертиза өткөрүп, жүк ташуучу түрк учагы кулап түшкөн Дача-СУ кыштагында топурак ууланганын жокко чыгарышканын билдирди.

«Бир нече саат бою от [суюк отунду] биздин көзүбүзчө жок кылып жатты», — деди министр.

Эксперттер Дача-СУ кыштагынын жашоочулары колдонгон үйлөрдү, алар жашаган жердеги топуракты жана сууну изилдеп көрүштү. Алар эч жерде радиациялык фон өз чегинен ашпаганын аныкташты.

«Ичүүчү суунун үлгүлөрү органолептикалык жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү жагынан "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттин талаптарына жооп берет», — деп билдирди министрлик.

Кырсык болгон жердеги топурактын тазалыгы тууралуу күмөн ойлор жабыркагандарга жардам берип жаткан ыктыярчылардын арызынан улам пайда болгон. Активисттер жергиликтүү тургундар көчөгө чыкканда «демигип, жөтөлүп жатышканын» айтып даттанышкан.

«Биринчи балдар хосписинин» ыктыярчысы Ольга Труханова "Фейсбукта": «Эмне үчүн эмгиче эл эвакуацияланган эмес?! Азыр кар жаай баштады, чатыры жок калган үйлөр акырындап урап жатат», — деп жазган.

Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский да учак кулап түшкөндөн кийин анын күйүүчү майы кырсык болгон жерге төгүлгөнүн айткан.

«Санитардык тазалоо жүргүзүлөт, санэпидкызматка тиешелүү кайрылуу болот. Мен ӨКМге кат даярдап койдум», — деген эле ал басма сөз жыйынында.

Буу менен уулануу жөнүндө шек саноо

«Боинг-747» кулап түшкөн Дача-СУ кыштагындагы 11 адам 23-январда авиациялык отундун буусуна ууланган болушу мүмкүн деген шек саноо менен ооруканаларга жаткырылган. Бирок кийинчерээк дарыгерлер алардын ууланышы авиаотунга байланыштуу экенин четке кагышкан.

«Алардын дарт белгисинде балдар үй жылытууда "ис менен ууланганы" жазылып турат», — деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Уулануу тууралуу шек саноо менен кайрылып, ооруканаларда калган башка бейтаптар Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча «ОРВО жана башка оорулар менен» оорушканы аныкталган.

Жүк ташуучу «Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагын басып калып, 60тан ашуун киши жашаган 26 үйдү талкалаган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары. Кыштактын дагы бир тургуну катуу күйүктүн айынан 22-январда каза тапты.

Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу

ТЕМА БОЮНЧА: