«Ата Мекен»: Текебаев 11 саат бою суракка алынып, Маевский менен беттештирилди

«Ата Мекен» фракциясынын катчылыгы 26-февралга караган түнү «Алдамчылык» жана «Коррупция» боюнча кармалган депутат Өмүрбек Текебаевди атайын кызматтагылар 11 саат бою суракка алышканын билдирди. Оппозициячыл саясатчыга 17 саат бою тамак берилген эмес. Бирок УКМК катчылыктын маалыматын «чындыкка туура келбейт» деп билдирди.

Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова сурак эртең мененки саат сегизден тартып кечки саат жетиге чейин түшкү тыныгуусу жок созулганын айтты.

«Өмүрбек Текебаевге кармалган учурдан тартып, башкача айтканда 17 саат бою тамак берилген жок, тергөөчүлөр суу гана берип жатышты», — деди ал.

Адвокаттын айтымында, адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларга ылайык, эгерде кармалган кишиге тамак берилбесе бул түз психологиялык кысым болуп эсептелет жана кыйноо менен бирдей бааланат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Текебаевге тамак берилген эмес жана суу гана берилген деген маалыматты четке какты.

«УКМКдагы бардык тергөө иштери КР КЖКнин ченемдерине ылайык адвокаттын көзүнчө жана дарыгердин көзөмөлү алдында өткөрүлдү. Сурак маалында тыныгууга жана түштөнүүгө да убакыт берилди», — деп билдирди УКМК.

УКМК биринчи сурак 10:45те башталып, 13:30да бүткөнүн, экинчи сурак 16:40та башталып, 18:30да бүткөнүн билдирди.

Сурак учурунда Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевский менен беттештирилген. Беттештирүүнүн жагдайлары айтылган жок. Жакупбекованын айтымында, Маевский сурак учурунда чөнтөк телефону менен сүйлөшүп, интернеттен пайдаланган. Текебаев менен адвокаттын чөнтөк телефондорун болсо УКМК кызматкерлери алып коюшкан.

Леонид Маевский.

«Кыргызстандын атайын кызматынын режимдик объектисинде интернетке туташтырылган смартфону менен жүргөн чет өлкөлүк жаран Маевский аны Текебаев менен беттештирүү учурунда кантип пайдаланганы түшүнүксүз», — деди адвокат.

Макала жарыкка чыгып жаткан учурда УКМК сурак эмне үчүн ушунча узакка созулганын, ал эми Текебаевге эмне үчүн ал кармалгандан тартып тамак берилбегенин түшүндүргөн жок.

Кылмыш иши

Оппозициячыл саясатчы «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган соң УКМКга жеткирилген. УКМКнын ТИЗОсунда ал 48 саат болот — ал убакытта ага айыбы коюлуп, баш коргоо чарасы тандалып алынышы керек.

«Ата Мекен» фракциясынын оппозициячыл депутатына каршы «Мегаком» уюк операторунун тегерегиндеги алдамчылык боюнча шектенүү менен «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишин козгоого орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү себеп болду, ал колдоо көрсөткөнү жана уюк операторунун үстүнөн көзөмөл үчүн Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин билдирген. Бирок ишкердин айтымында саясатчы өз убадасын аткарбай койгон.

Оппозиция Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге каршы ачык сын айтып жүргөндүктөн анын кармалышын жана ага каршы кылмыш иши козголушун «саясий буюртма» деп эсептейт.

Текебаев менен Атамбаевдин тирешүүсү президент жана анын администрациясы Конституцияга сунуш кылган түзөтүүлөргө депутат каршы чыккандан кийин башталган.

Кыргызстандын бийлиги оппозициячыл саясатчыны жана анын эки партиялашын ал «Мегакомдун» акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп күнөөлөп, аны далилдейт имиш деген документтерди Белизден келди деп билдирген.

Текебаев бул ишке өзүнүн тиешеси жок экенин айтып, Атамбаевдин жашыруун байлыгы жана президенттин Кипрдеги ишкерлик кызыкчылыгы тууралуу маалыматтарды тапканын билдирген. Ал бул маалыматты ачыкка чыгарууга убада берген, бирок азырынча чыгара элек.

Текебаевден тышкары, акыркы үч ай ичинде оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын башка да депутаттарына каршы кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергени үчүн 2016-жылдын декабрында Аида Саляновага каршы кылмыш иши козголгон. Ал да УКМКга суракка чакырылган.

17-февралда «Ата-Мекендин» депутат Алмамбет Шыкмаматовго каршы кылмыш иши козголгон — ал 2011-жылы кызматтык автоунааларды сатып алууда «жасалма келишимдерди» түздү деп айыпталган. Атайын кызматтагылар аны тогуз саат бою суракка алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: