Текебаев президенттикке ат салышат

«Ата Мекендин» 5-марттагы шашылыш съездинде партиянын башчылыгын убактылуу аркалап жаткан Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевди президенттик кызматка көрсөттү. Текебаев болсо учурда УКМКнын ТИЗОсунда «Мегакомдун» сатылышы боюнча камакта жатат.

Съездде өлкө боюнча партиянын мүчөлөрү катышып, Текебаевдин Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин коюу чечимин кабыл алышкан. Президенттик шайлоолор 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт.

Кыргызстандын президенттигине талапкерлер: Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана Темир Сариев.

Азырынча Кыргызстандын президенттигине Текебаевден тышкары үч саясатчы талапкерлигин койгон. Алар: «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, «Республика — Ата Журттун» башчысы Өмүрбек Бабанов жана мурдагы премьер-министр Темир Сариев.

Президенттикке талапкерлигин койгон бардык саясатчылар буга чейин Текебаевдин камалышы боюнча ойлорун билдиришкен.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка ат салышпай турганын айтканы менен, бирок саясатта кала бере турганын билдирген. Мурда ал президенттиктен кеткенден кийин ишкердик менен алектенээрин айткан болчу.

Өмүрбек Текебаевдин камалышы

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевге «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин козголушуна орусиялык ишкер жана мамдуманын мурдагы депутаты Леонид Маевскийдин УКМКга жазган арызы себеп болгон.

Маевскийдин айтымында, 2010-жылы Текебаевге бир миллион доллар берип, бул сумма үчүн «Мегаком» телекоммуникациялык компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк алмак.

Текебаев 26-февраль күнү эки айга камалган, ал учурда УКМКнын ТИЗОсунда. Аны менен бирге ошол эле иш боюнча мурдагы ӨКМнин башчысы Дүйшөнкул Чотонов да камалган.

Текебаевдин иши боюнча 4-марта Kyrgyz Concept ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев да суракка алынган. Ал 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн экономикалык жөнгө салуу министри кызматын ээлеп турган болчу.

Оппозициялык саясатчы Текебаев өзүнүн камалышын «саясий басым жасоо» деп эсептейт. Анын тарапташтары саясатчыны бошотуу талаптары менен нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Учурда митингдер Текебаевдин кичи мекени болгон Жалал-Абад облусунун Акман айылында болууда. Бишкекте каршылык акциялары 6-марттан кайра башталмакчы.


ТЕМА БОЮНЧА: