«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Калысбек Боронбаев УКМКга күбө катары чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары «Ата Мекен» партиясынын катчылыгынын кызматкери Калысбек Боронбаев чакырылды. Чакыруу кагазында анын себептери көрсөтүлгөн эмес, сурак 9-мартта болот.

«Азаттык» үналгысы менен болгон маекте ал камакка алынган партия башчысы Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

Мындан тышкары, Боронбаев Текебаев кармалгандан бери «Фэйсбуктагы» барагында азыркы бийликти сындаган сөздөрдү жаза баштаганын айтты.

УКМК азырынча Боронбаевдин суракка чакырылышы боюнча комментарий бере элек.

Оппозициячы Текебаев 26-февралга караган түнү «Манас» аба майданында кармалган. Андан бир күн мурун ага каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде ачылган. Ал 2010-жылы Текебаевге «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн бир миллион доллар бергенин айткан.

Текебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына жеткирилген соң анын тарапкерлери митингге чыгышкан.

Оппозициянын нааразылыгына карабастан, Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган.


ТЕМА БОЮНЧА: