Видео: Каржы полициясы Мамкурулуштун кызматкерин 1500 доллар пара тооруп жатканы үчүн кармады

Каржы полициясынын кызматкерлери Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин (Мамкурулуш) аткаминерин 1500 доллар пара тооруп жатканы үчүн кармашты. Ал Бишкектеги бир фирманын директоруна курулушка уруксат лицензиясын алуу маселесин чечүүгө убада берген.

Каржы полициясынын басма сөз кызматы мекеменин кызматкерлери Мамкурулуштун Архитектура, шаар курулуш жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басарын анын кызматтык кабинетинде акча алып жаткан жеринен кармашканын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча ал Бишкектеги бир компаниянын директорунан курулушка лицензия алуу маселесин «оңунан чечип бериш үчүн» 1500 доллар (103000 сом) пара доолаган.

Башкы прокуратура аткаминерге каршы курулуш фирмасынын ээсинин арызы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши Кылмыш кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пара тооруу» беренелери боюнча козголду.

Азыр аткаминер кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо изоляторуна жайгаштырылды. Иликтөө жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: