Өзгөндөгү жер көчкү: Дагы үч кишинин сөөгү табылды

Куткаруучулар Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкү түшкөн жакта дагы үч кишинин сөөгүн табышты. Топурактын астында эмгиче дагы 16 киши калууда.

ӨКМдин басма сөз кызматы жер көчкү түшкөн жакта дагы үч кишинин — 2003 жана 2007-жылы туулган эки кыздын жана 2000-жылы туулган бир жигиттин сөөгү табылганын кабарлады.

Мурда ӨКМ кызматкерлери дагы беш кишинин өлүгүн табышкан, алардын арасында үчөө жашы жете элек болчу.

Өзгөн районунда 29-апрель күнү эртең менен жер көчкү түшкөн. Ал 11 үйдү басып калып, көчкүнүн алдында 24 киши калган.

Куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айылдын калган тургундарын эвакуациялашкан. ӨКМ кызматкерлери аларга чатыр тигип берип, электр зымын туташтырышты.

Айылдын көпчүлүк тургундары апрелдин башында эле жер көчкү коркунучунан улам эвакуацияланган болчу, бирок бир бөлүгү кайра үйлөрүнө кирип алган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кайра келген айылдыктардан жер көчкү коркунучу бар жерден кетип калууну 28-апрелде суранышканын, бирок алар баш тартып коюшканын билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: