Кыргызстан: Бийлик жер көчкү маселесин чечүүдө кыйналып жатат

Материалдын түп нускасы Eurasianet сайтында жарык көргөн.

26-мартта түн ичинде Кыргызстандын түштүгүндөгү Ничке-Сай айылында чоң жер көчкү түштү: топурактын, таштардын жана муз кесектеринин агымы жолунда тургандын баарын тебелеп-тепсеп, конушту каптап кирип барды.

Жер көчкү алты киши турган бир үй-бүлө, анын ичинде төрт жаш бала жашаган үйдү басып калды, алардын кичүүсү болгону эки жашта болчу. Эч кимиси тирүү калган жок.

Кыргызстандын ӨКМи белгилегендей, 27 жаштагы Өмүрзак Эгемкулов аялы Гүлайым Сулайманова менен үйдө акыркы жети жыл бою жашап келишкен. Алар аны мурда атасынын үйү турган жерге салышкан.

Ничке-Сайдагы жер көчкү. 

1996-жылы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Өмүрзактын атасынан так ушул жерден көчүп кетүүнү суранышкан. Жер тилкеси «кызыл зонада» турган эле – жазында ал жерде өмүргө коркунуч келтирген жер көчкү жүрүшү ыктымал.

Койчу жаңы жерге батыраак көчсүн деп мамлекет ага чакан ссуда бөлүп, курулуш материалдарын сатып берген. Бул жардамдан пайдаланып, Өмүрзактын атасы алда канча коопсуз жерде, суунун башка жээгине үй салып алган.

Бирок Өмүрзак өзү түтүн булатканда атасы менен кала бергиси келген жок. Ошондуктан 2010-жылы ал аялы, балдары менен жашаш үчүн атасы мурун көчүп кеткен жерге үй салмакчы болот.

Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев айыл башчылары эчак эле Өмүрзакты үй-бүлөсү менен көчүп кетүүгө үндөп жүрүшкөнүн айтышты.

«Биз ал жерге дайыма барып, жер көчкү түшүшү ыктымал экенин эскертип эле жүргөнбүз. Бирок алар көчкүсү келбей койду, анткени жанында жайлоо бар. Аларга мал кармап, чарба күткөн пайдалуу болчу», – деди Осмоналиев.

Ал ошол каргашадан кийин куткаруучулар бул айылдан 56 үй-бүлөнү эвакуациялап убактылуу чатырларга көчүрүшкөнүн кошумчалады.

Ничке-Сай айылынын тургундары үчүн тигилген чатырлар.

Ал жерде адамдар жер көчкү түшүп бүткүчө күтүп турат, бийлик болсо алар үчүн коркунучу азыраак жактардан турак-жайга ылайыктуу жер издеп атат. Бирок качан табылаарын айта элек.

Бул жер көчкү басып жарык дүйнө менен кош айтышкан жалгыз үй-бүлө эмес. Кыргызстанда кооптуу жерлерде дагы 4996 түтүн эл жашайт. Алардын көпчүлүгү – 2376 үй чарбасы – мамлекеттен буга чейин эле ссуда алган. Бирок бир топтору ошол бойдон эч кайда көчпөй койду.

ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваров мамлекет үчүн бул маселе «өтө татаал» экенин моюнга алды.

«Адатта ссуда беребиз, эл өзүнө жаңы үй салат. Бирок кийинчерээк үй-бүлөдө киши көбөйгөндө балдар бөлүнөбүз деп мурда көчүп кеткен жерине барып алышат», – деп түшүндүрдү ал.

Сваров коркунучтуу жерде жашагандарга мамлекет экинчи ирет акча төлөй албай турганын кошумчалады. Бийлик жаңы үйгө жер гана бөлүп бере алат, бирок курулуш үчүн адамдарга баары бир акча керек болот, акча болсо жок.

2016-жылга чейин мамлекет адамдардын жаңы жерге көчүп, үй салышы үчүн жыл сайын орто эсеп менен 450 миллион сом бөлүп келген.

Бирок былтыр Кыргызстанда турак-жайды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Жаңы эрежелер боюнча айыл тургундары жаратылыш кырсыгына кабылса белгилүү бир акча алышы үчүн жылына 600 сом төлөшү керек.

Бирок ошол да адамдарга кыйынчылык туудурат.

Алмалуу-Булактагы жер көчкү.

2016-жылы Жалал-Абад облусунун Алмалуу-Булак айылында жер көчкү түшүп, 15 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө  себеп болуп, алты үйдү басып калган.

Ал кезде эң кооптуу райондордун тургундары үй-жайы талкалангандан кийин жарым жыл өткөн соң гана жаңы үйлөргө көчүп кире алышкан.

«Биз менен эч кимдин иши жок. Мен электр энергиясы жок жашаганга мажбур болдум. Ал тургай балдарым каякка барып окуй турганын да билбейм», – деп нааразы болгон эле ошол кезде жергиликтүү тургун Айнагүл Кошалиева.

Райондун акими Арстанбек Асанов Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы үйлөрү жазында жер көчкү тынбай түшүп турган «кызыл зонада» жайгашкан адамдарга камсыздама толтуруудан баш тартып жатканын айтты.

«Бул жерде жашаган бардык үй-бүлөлөргө 1994-жылы эле ссуда бөлүнгөн. Ата-энелери көчүп кетип, ошол кезде 5-6 жашта болгон балдары эми кайра ошол үйлөргө үй-бүлөлөрү менен көчүп кирип алган», – деп кейийт Асанов.

Анын айтымында, кырсык болсо бул адамдардын чыгашасын эч ким төлөп бербейт. Ссуда аларга бир жолу бөлүнгөн, үйлөрү болсо камсыздандырылган эмес.

Азыр «кызыл зонада» дагы эле 70тей киши калган. Алар үчүн жаңы турак-жай издөө маселеси каралып, бирок чечилбеген боюнча турат.

Асановдун айтымында, ал юрист менен өз айыл аймагын кыдырып, бардык жашоочуларга камсыздама алууну сунуш кылып жүрөт, бирок азыркы системанын олуттуу кемчилиги — камсыздамадан баш тарткан киши үчүн мыйзамда эч кандай жаза каралган эмес.

«Камсыздаманын суммасы анча чоң эмес – жылына 600 сом (8,5 доллар), бирок эл ошону да төлөгүсү келбей жатса анан кантип көндүрөсүң?», – деп арызданды аким.

Асанов «кызыл зонада» жайгашкан жергиликтүү тургундар өз ыктыяры менен көчүп кетүүдөн баш тартып жатышканын, андыктан мамлекет аларга жаңы үй-жай караштыргычакты акимиат мажбурлап көчүрүү тууралуу документтерди сотко өткөрүп жатканын кошумчалады.

ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Мухамед Сваровдун айтымында, мындай кырсыктарга байланышкан адам өлүмүн азайтыш үчүн ӨКМге атайын жабдуу керек, бирок ага азырынча акча жок.

«Жер көчкүлөргө көз салыш үчүн атайын датчик керек, бирок ал кымбат турат. Ошондуктан азыр колдон келгени – кооптуу жерлерди картага түшүрүп, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Сүрөт: ӨКМ


ТЕМА БОЮНЧА: