Президент жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга 5 млн сом бөлүп берди

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алайындагы жер титирөөлөрдөн жана жер көчкүдөн жабыр тарткандарга материалдык жардам бөлүп берди.

Жалпак таш айыл аймагындагы Курбу-Таш жана Маркс айылдарына 1 млн сом бөлүнгөн.

Курбу-Таш айылындагы табият кырсыгы.

Курбу-Таш жана Маркс айылдарынын тургундары ушул жылдын май айындагы жер көчкүдөн 10-майда жабыр тартышкан. Анда жер көчкү 45 турак-жайды, электр өткөргүчтөрдү, мечитти, мектепти жана фельдшердик пунктту басып калган.

Зергер айыл аймагындагы Аюу айылына да 1 млн сом бөлүнгөн.

Аюу айылындагы куткаруу иштери. Сүрөт: ӨКМ.

Аюудагы жер көчкү 24 адамдын өмүрүн алып кеткен. Кырсык 29-апрель күнү эртең менен жүз берип, ири көлөмдөгү жер көчкү 11 үйдү басып калган, алардын алтысында адамдар жашашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир канча күн урандыларды тазалоо иштери менен алек болуп, бирок 16 кишинин сөөгү табылбаган бойдон калган. Кыргызстандын уламалар кеңеши каза болгондорду ошол жерде калтыруу чечимин чыгарган.

Чоң-Алайдагы жер титирөөнүн кесепеттери.

Андан тышкары дагы 3 млн сом жер титирөөдөн жабыр тарткан Чоң-Алай районунун айылдарына бөлүнгөн. Учурда Чоң-Алайдын миңден ашуун тургунуна чатырларда жашоого туура келүүдө. Ал жерде 500дөн ашык турак-жай жана оорукана авариялык абалга кептелген.

Сүрөт: ӨКМ


ТЕМА БОЮНЧА: