Бишкектин жакынында жол кырсыгынан жети киши жабыркады

Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан Ново-Покровка айылында эки автомобиль кагылышып кетти. Жети киши жабыркап, алардын ичинен экөөсү реанимацияга түшкөн.

Чүй облусу боюнча Кайгул кызматынын басма сөз борборунун кызматкери Тилек Исаев Kloop.kgге кабарлагандай, 11-июнь күнү кечинде «БМВнын» айдоочусу автомобилди башкара албай, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.

«БМВ» «Хонда» үлгүсүндөгү машина менен сүзүшкөн. Кырсыктын натыйжасында жети киши жабыркап, айдоочулар учурда реанимацияда жатышат. Жабыр тарткандардын арасында 2006 жана 2011-жылы туулган жаш балдар болгон.

Жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттар менен Кант шаарындагы ооруканага жана шаардагы 4-ооруканага жаткырылган.

Учурда автомобилдер штрафстоянкага киргизилип, экспертиза дайындалган. Айдоочулардын маңзат же алкоголдук ичимдик пайдаланганын текшерүү үчүн кан үлгүсү алынган.

Милиция окуяны териштирип жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: