Ташиев Жээнбеков менен кызматташыш үчүн оппозициядан кетүүдө

Соңку жети жылдагы Кыргызстандын эң башкы оппозиционерлеринин бири Камчыбек Ташиев башка тарапка өтүп, «өлкөнүн келечектеги президенти» менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ташиев өзүнүн билдирүүсүн Жалал-Абад облусунун Комсомол айылынын тургундары менен жолугушууда жарыялады.

«Мен азыркы бийликтегилерге жети жыл каршы күрөштүм, жети жыл оппозицияда болдум, жети жыл ушуларга өзүмдүн чындыгымды чыркыратып айтып келдим. Бирок бүгүн мамлекетибизде президент алмашып жатат. Кийинки президентибиз дагы элибизге, журтубузга жакшы кызмат кылса экен», — деди Ташиев өлкөнүн түштүгүнө болгон жолугушуулары учурунда.

Мурдараак «Ата журт» партиясынан «өлкөнүн бүтүндүгү» үчүн Ташиев бийликчил социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдой турганын билдиришкен.

«Мунун баары эл үчүн жана өлкөнүн бүтүндүгү үчүн кылынууда. Биз алты жыл оппозицияда болдук, өлкөнүн бөлүнүүсүнүн алдын алуу жана туруктуулук менен тынчтык үчүн саясатчылар биригишүүдө», — деп билдирген «Ата журт» партиясынын саясий кеңешинин өкүлү Нургазы Анаркулов.

Камчыбек Ташиев жети жылга чукул эң башкы оппозициячыл саясатчылардын бири болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоодо анын «Ата журт» партиясы биринчи орунду ээлеген.

Ташиев улуттук мүнөздөгү чакырыктары менен белгилүү, мисалы, ал өкмөт башчылык кызматка «таза кандуу кыргыз» дайындалышы керек деп билдирген.

Саясатчы 2012-жылдын октябрь айынын башында Бишкекте өзүнүн тарапташтары менен Ак үйдүн жанында Кумтөрдү улутташтыруу үчүн митинг өткөргөн.

Праламенттин имаратына кирүү аракети болгондо каршылык акциясына чыккандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери кубалап жиберген.

Ташиевди бийликти басып алуу аракетин көргөнү боюнча күнөөлөшкөн. Сот аны «Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» беренеси боюнча 1 жыл 5 айга түрмөгө кескен. Бирок саясатчы эркиндикте калган, анткени анын камакта кармоо убактысы бүтүп калган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда Ташиевди депутаттык укуктарынан ажыраткан.

Ал эми 2013-жылы Ташиев Өмүрбек Бабанов менен бирге биригүү жолу менен түзүлгөн «Республика — Ата журт» партиясын башкара баштаган.

Бул партия 2015-жылкы парламенттик шайлоодон өткөн. Бирок Ташиев өзү «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахаповду ыктымал сабап салганы үчүн парламенттик шайлоодон алынган.

Ташиев 2016-жылдын ноябрында «Республика — Ата журт» партиясынын курамынан чыккан.

«Ата журт» партиясы 2017-жылдын июль айында президенттик кызматка Ташиев менен мурдагы депутат Ахматбек Келдибековдун талапкерлигин чыгара турганын жарыялаган.

Август айында Ташиев президенттикке үч талапкер Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев менен «Кайра Жаралуу» партиясынын алдында бириккен.

Саясатчылар партиянын атынан бирдиктүү талапкерди чыгара тургандыктарын билдиришкен, бирок пикир келишпестиктерден улам бул нерсе болгон жок.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда өлкө башчылык кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: