Кыргызстандын чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында оор жүк унааларынын тыгындары сакталууда

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 400дөн ашуун жүктүү машиналардын тыгындары жаралган. Башка өткөрмө бекеттеринде чон кезек күтүүлөр менен тыгындар байкалган жок.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде 490 жүктүү унаа кезек күтүүгө чогулуп калган.

Автоунаалардын мындай тыгындарынын чыгышына казак чек арачылары тараптан өткөрүүлөрдүн ылдамдыгы жайлаганына байланыштуу болгон. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, казак чек арачылары 22-октябрда бир сааттын аралыгында болгону алтыдан машина өткөрүп жатышкан.

«23-октябрда өткөрүүлөр абдан жай болууда, бир саат аралыгында төрт машина. Казак чек арачылары өзгөчө бир себептерди аташкан жок, негизинен алар бардык өткөрмө бекеттери боюнча рентген жабдыктарынын жоктугуна таянышууда, бирок бул алардын расмий эмес жүйөөлөрү», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Ошондой эле, чек ара кызматынан «Ак-Жол» («Кордай») көзөмөл-өткөрмө бекетинде казак тарап автоунааларды көпкө чейин кармабай эле өткөрүп жатышканын, бирок ал жакта 100дөн ашык адам чогулуп калганын айтышты.

Башка көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр менен авто тыгындар жок.

Көзкарандысыз сапарман-айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, жөө жүргүнчүлөр жана жеңил машиналардын чек арадан өтүүсү жеңилдеген, бирок жүктүү автоунааларга дале кыйын болуп жатат.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал

Чек арадагы абал эки мамлекеттин ортосундагы өкмөттөрүнүн 18-октябрда өткөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин жакшыра баштаган.

Эки өкмөттүн башчылары жүктөрү бар жеке жактар, жүргүнчү ташыган автобустар жана бош оор жүк унаалары чек арадан «жеңилдетилген тартипте» өтө башташаарын келишишкен.

Бирок аткаминерлерлер жүктүү фуралар боюнча маселени беш күндүн аралыгында чечүүнү убада кылышкан.

Казакстандын чек арачылары 10-октябрда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн, бул тез бузула турган азыктарды ташыган оор жүк унааларынын километрлеп созулган тыгындарынын чыгышына алып келген.

Казак чек арачылары өздөрүнүн иш аракеттерин террористтер менен кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн жана фитосанитардык эрежелерди бузгандарды издөө бөюнча «пландык операция» менен түшүндүрүшкөн.

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин чек арадагы кырдаал оорлошо баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: