«Asia's Got Talent»: «Адем» бийчилер тобу жарым финалда

«Адем» тобу Малайзияда өтүп жаткан «Asia's Got Talent» шоу программасынын финалына өтүш үчүн ат салышууда.

Бийчилер жарым финалда музейдеги көрүнүштү чагылдырышкан. Өз өнөрүн тартуулаган кыргыз бийчилерине калыстар тобу ордуларынан туруп кол чаап, оң бааларын беришкен.

«Жигиттер, баарын тилден тандырдыңар. Керемет болду!» — деди баштапкы турда кыргыз бийчилерине «Алтын түймөнү» баскан калыстар тобунун мүчөсү Жей Пак.

Кыргызстандык топ сынактын финалына онлайн добуш берүүнүн же болбосо калыстар тобунун биргелешкен чечиминин жыйынтыгы менен өтөт.

«Asia's Got Talent» шоу программасы эфирге алгачкы жолу 2015-жылы чыккан. Бул сынакта ырчы, бийчи жана башка өнөр адамдары өз таланттарын көрсөтө алышат.

Малайзияда өтүп жаткан сынактын катышуучулары өнөрлөрүн 15 мамлекеттин көрүүчүлөрүнө тартуулоодон тышкары, 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү баш байге үчүн ат салышат.

«Адем» бийчилер тобу 2014-жылы түзүлгөн. Анын курамында кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаковдун шакирттери бийлешет.


ТЕМА БОЮНЧА: