Казакстанда Кыргызстандагы 2010-жылы болгон апрель ыңкылабы жөнүндө даректүү тасма тартылды. Тасмага тартылууга казак жана кыргыз саясатчылары, анын ичинде кулатылган президент Курманбек Бакиев менен мурдагы өлкө башчысы Роза Отунбаева катышышкан. Тасмада Бакиев Нурсултан Назарбаевдин колдоосу менен Кыргызстандан кантип чыгарылып кеткени боюнча кененирээк айтылат.

Казакстандык «Хабар» мамлекеттик маалымат агенттигинин «Тынчтык орнотуучунун миссиясы. Кыргыз ажырымы» фильми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин фондусунун жардамы менен тартылган.

Журналисттер өздөрүнүн тасмасында 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын окуяларын айтып беришип, Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевди куткаруу (алардын версиясы боюнча) кандай болгондугун кененирээк баяндашат.

«Клооп» тасманын эң эле кызыктуу жерлерине токтолуп, анын кыскача мазмунун айтып берет. Фильмдин баяндалышы.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги Ак үйдү чабуул менен алышты. Атайын кызматтар менен оппозициянын өкүлдөрү «Маанисиз кыргында ээрип кетишти». Болгону дарыгерлер иштеп жатышты. 8-апрелге караган түнү «кылмыштуу жана каракчылардын топтору» соода борборлорун, дүкөндөрдү, май куюучу жайларды, жада калса дарыканаларды тоноп жатышты.

Бакиев башаламандыктар учурунда борбордон кетип, өзүнө жакын эсептелген түштүккө барды. Бул жерде президенттин легитимдүүлүгүн аягына чейин коргоого даяр турган анын тарапкерлери бар. Бакиев митинг чогултуп, түштүктө бийлик органдары пайда болуп, ал эми борборду Бишкектен Ошко которууга мүмкүн болмок деп билдирди.

Курманбек Бакиев, Кыргызстандын мурдагы президенти: «Ачык айтканда, мен атайын кызматтардын, укук коргоо органдарынын ишине аз көңүл бурчумун. Ошол учурга чейин бизде митингдер абдан көп болуп, биздин укук коргоо органдарынын сактыгы мокоп калган болчу. Алар бул элдер чыгып, кыйкыра-сүйлөп андан соң таркап кеткен кезектеги митинг деп эсептешкен. Ал эми бул жакшы даярдалган, чыныгы куралдуу мамлекеттик төңкөрүш болгон».

«Күтүүсүздүк» түштүктөгү элди бириктирген: аскерлер, ишкерлердин жана элитанын өкүлдөрү ошол кезде президент Бакивеге колдоо көрсөтүүгө даярданышкан. Ал «эч бир учурда» өзүнүн ыйгарым укуктарынан баш тартууга даярданган эмес жана аягына чейин турууну көздөгөн. Өлкөнүн түндүк-түштүккө бөлүнүү коркунучу жаралган.

Курманбек Бакиев: «Мен экинчи-үчүнчү күндөрү айланамда абдан көп адамдар чогула баштаганын байкай баштадым. Ачыгын айтканда, ошол адамдар абдан агрессивдүү маанайда болушкан. Мен жада калса айрымдары куралчан экенин байкагам».

Президент түштүктө болгон кезинде премьер-министр кызматтан кетип, ал эми Бишкекте башында Роза Отунбаева турган убактылуу өкмөттү түзүшкөн. Ал журналистке курган маегинде «эгерде Бакиев өлкөдөн чыгып кетпегенде, жарандык согуш башталып кетиши мүмкүн болгон» деп айтып берди.

Курманбек Бакиев: «Тарапташтарым менен менин күчүм жетиштүү эле жана бул болуп кетиши мүмкүн болчу. Эгерде мен буга жол бергенде, аймактык араздашуу чыгып кетиши мүмкүн болмок. Жарандык согуштун чыгышы реалдуу коркунуч болгон».

Кыргызстандагы саясий кризис Казакстандын бийлигин кабатырлантпай коймок эмес — ал бир нече күн «туруксуз аймак» болуп калган Кыргызстан менен болгон чек арада кайтарууну күчөткөн. Негизинен кылмышкерлерден турган куралчан түзүмдөр андагы аскер бөлүктөрүнөн куралдарды талап-тоноп кетишкен. Ар бир каалоочу документсиз жана «ашыкча суроолорсуз» Калашников автоматын жүз долларга сатып ала алмак.   

Ал учурда ЕККУнун Астанадагы саммитинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «абалды турукташтыруу үчүн бардык тиешелүү чаралар жасалышы керектигин» айтып, өзүнө ортомчулук кызматты алат. Кийинчерээк Вашингтондогу саммитте Назарбаев Кыргызстандагы чууну кантип дипломатиялык жол менен чечүү үчүн өзү ойлоп тапкан ыкманы сунуштайт.

Адилбек Жаксыбеков, Казакстандын мурдагы коргоо министри жана учурда Назарбаевдин президенттик аппаратынын жетекчиси: «Биздин президентке бул маселе менен алектенишкен эки алдыңкы өлкөнүн лидерлери кайрылышкан — АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын башчысы Дмитрий Медведев. Биринчи кезекте лидер катары, кырдаалды билген жетекчи катары, беделдүү президент жана мындай маселелер боюнча адис катары кайрылышкан».

Обама менен Медведев Бакиевди Кыргызстандан чыгаруу боюнча операцияны уюштуруп, аны жетектөөнү суранышат. Алар бир гана Назарбаев Убактылуу өкмөттү мындай кадамга барууга ынандыра алаарына ишенишет.

Роза Отунбаева, Кыргызстандын мурдагы президенти: «Бардыгы [Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү] ар кандай көз карашты карманышкан. Бирөөсү айтты: мен бул нерсе менен алышпайм […]. Башкалары дагы  бул нерседен жумшагыраак четтеп кетишти. Бирок чечим кабыл алуу керек эле, шашылыш чечим кабыл алуу керек болчу. Мен Убактылуу өкмөттүн башчысы катары мындай чечимди кабыл алдым».

Бакиевди куткаруунун башкы шарты — анын өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү. Мына ушул шарт Отунбаеваны беркини өлкөдөн чыгарууга ынандырган. Чечим кабыл алууда акыркы ролду Нурсултан Назарбаевдин сөзү ойногон. Казакстанда Бакиевдин чыгарылышына №04 атайын аскерий борт даярдалган.

Адилбек Жаксыбеков: «Бакиев аны Оштон колго түшүрүшөт деп ойлогон, себеп дегенде ал түштүктө кырдаалды көзөмөлдөгөн эмес. Биз Ош аэропортунда ал учурда Убактылуу өкмөттүн тарабында болуп калган ИИМдин ички аскерлеринин бригадасы турганын билгенбиз. Бакиев ал жакка барууга болбойт жана ал жерде эч майнап чыкпайт деп эсептеген».

Казак чалгыны Жалал-Абаддагы аэропорт аскер учагын кабыл ала турганын аныктаган, ал эми Ошто чынында эле Бакиедин өзүнө жана учактын экипажына буктурма даярдашышкан. Казак учкучунун милдети — Кыргызстанга учуп барып, качкын президенти алып, Таразга кайтуу. Жаксыбеков кыргызстандыктар «курутуучу учак менен биздин учакты кыйратышы» мүмкүн болчу дейт.

Учак Жалал-Абадга конгондон кийин куралчан адамдар учакты курачап алышты. Кеч кирип жаткан, абада чыңалуу сезилип турду. Бир нече мүнөттөн кийин алыстыктан чоң ылдамдыкта келе жаткан кара жолтандабас көрүндү. Ал учактын жанына токтоп, машинадан Курманбек Бакиев, анын колуктусу жана эки кичинекей баласы чыгышты. Президент өлкөдөн жалгыз жол баштыгы менен кетип жаткан.

Курманбек Бакиев: «Эмне менен болсом, ошол менен кеттим. Мен билбейм, мүмкүн, таберик катары менин кийимдеримди, байпак, ич көйнөгүмдү, алышкандыр. Мен идиш-аяк жөнүндө айтпай эле койсом болот. […] Ачык айткандан уялып турам».

Игорь Белин, учкуч: «Ал капалуу, ойлуу, муңайыңкы болчу. Ал аскерлерди айланчыктап, ыраазычылык сөздөрүн айтып, алар менен коштошту».

Самолет уча баштаганда аэпортко тосмолор аркылуу үйүлгөн адамдардын тобу кире баштады. Алардын ким экени белгисиз — Бакиевдин тарапташтарыбы же атайын кызматтын өкүлдөрүбү. Бирок ошого карабастан борт абага чыгып, Бакиев казактын Таразаына келип конду.

Бакиев дендароо абалда болуп, каякта экенин түшүнө берген эмес. Аны үй-бүлөсү менен шаардын чекесиндеги жашырын мейманканага жеткиришти. Мейманкана бекем жана дыкат кайтарууда болчу.

Канат Бозумбаев, ошол кездеги Жамбыл облусунун акими: «Мен билгем, ал Казакстанга келээри менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазышы керек болчу. Эки сааттан кийин мен андан чебердеп кызыктым: "Байке, Курманбек Салиевич, сиз кайсыл бир кагазды жазышыңыз керек экенин билем, мен аны алып кетип, өткөрүп беришим керек". Ал биринчи сөз эмне туурасында болуп жатканын түшүнбөгөндөй түр кылды. Андан соң кагаз менен калем сап алып келүүнү суранып, бардыгыбыздан чыгып турууну өтүндү».

Курманбек Салиевич кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Ал бул нерсени кандай учур болбосун кыла тургандыгын айтты, анткени «өлкөнү мындай абалда кармап туруу болбойт эле. Бул документти жеке Роза Отунбаеванын колуна жеткиришти».

Роза Отунбаева: «Менин оюмча, жалпы дүйнөлүк өнүгүүдө биз баары бир эле маргиналдуу болуп кала берет окшойбуз. Аталган учурда Нурсултан Абишевич [Назарбаев] мүмкүн, өз билими, өз кыраакылыгы, кудуреттүүлүгү менен ондогон ар кандай илимий-изилдөөчү институттарды алмаштыра алса керек. Ал биздин республиканы, биздин аймакты жакшы билет. Ал кыргыздардын мүнөзүн жакшы билет, ал биздин өлкөлөрдүн, биздин аймактын өнүгүү багытын билет. Ошондуктан мындай чечим ойлонулган,  өз убактысында болгон».

Бакиев президент Лекашенконун чакыруусу менен Беларусияга учуп келип, Минскте «саясий иммигранттын» макамында жашап жатат. Ал беларус жарандыгын алып, президент Лукашенконун жеке коргоосунда. Бакиев китеп жазып, мекенине кайтууну кыялданат.

Курманбек Бакиев: «Оюмча, ишенимимде, убакыт келет ошондо мен мекениме кайтам. Акыркы учурларда түшүмдө дайыма тоолорду көрө баштадым. Тоолорду көрөм. Бир нече жолу кышкы тоолорду көрдүм. Аппак-аппак, бийик каарлар. Жашыл тоолор. Түшүмдө дайыма көп адамдардын санын көрөм».

Роза Отунбаева: «Нурсултан Абишевич дайыма абдан акылдуу, прагматикалык көз караш менен, мен айтат элем, абдан сын көз менен ар бир жолу биз бул жерде, жаныңардабыз. Биз силерди жалгыз калтырбайбыз. Биз жардам беребиз деп билдирип турган. Ал бул нерсени ачык колу менен жасап жана бүгүнкү күнгө чейин улантууда».

Нурсултан Назарбаев, Казахстандын президенти: «Мамлекеттин көз карандысыздыгын жарыялоо — бир иш. Ал эми көз карандысыздыкты бекемдеп, кармап калуу — бул өзүнчө бир иш».

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындар

Казак даректүү тасмасы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык чуунун шартында жарык көрдү — өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле октябрда солгундап кеткен. Эми мурдагы деп аталып калган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казакстандын бийлигин сынга алган — ал аларды өлкөнүн «байлыгын урдоо» жана ошондой эле, «Бакиевди жакшы көрүү боюнча айыптаган.

«Бакиевдер бүгүнкү кунгө чейин алардыкында, Алматыда өз майрамдарын өткөрүшөт. Мен бир нече жолу Казакстандын эң жогору турган адамдарынан Бакиев адамдарды туура эле аткан дегендерин уккам», — деп айткан ошондо Атамбаев.

Бул сөзү менен Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ошол кезде Кыргызстандын президенттик кызматына талапкер болуп жаткан Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушуусуна реакция кылган. Бабанов —  натыйжада кыргыз президенти болуп калган Атамбаевдин орун басары — Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы болчу.

Атамбаевдин сын-пикиринен кийин Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдү күчтөндүргөн — 10-октябрдан баштап көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде адамдардын чоң кезек күтүүлөрү жарала баштап, жүздөгөн оор жүк унаалары тыгындарда туруп калышкан. Казак бийлиги көзөмөлдүн күчөтүлүшүн аткездик жана мыйзамсыз импорт менен күрөшүү деп түшүндүрүшкөн.

Ошондон кийин Атамбаев Казакстандын бийлигин Кыргызстанды «блокадага» алууга жана ЕАЭБди кулатуу аракети боюнча айыптаган. Казакстандын сенатынын спикери Атамбаевдин сөздөрүн «долулануу» жана «бош жана популисттик» деп аташкан.

30-ноябрда Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков Назарбаев менен жолугушту. Алар кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү чечүүгө жардам бере турган «жол картага» кол коюуну макулдашышты.