«Кабар» «Азия Инфонун» өкүлүнүн «Самара» боюнча айткандарын бурмалады

«Кабар» мамлекеттик маалымат агенттиги «Азия Инфо» интернет-провайдеринин өкүлүнүн «Самара» сайты тууралуу айтканын бурмалап жарыялады. Ал эми интернет-провайдердин кызматкери андай сөз айтпаганын билдирди.

Кыргыз улуттук «Кабар» маалыматтык агенттиги «МККнын сервери корголгон жана бузуп кирүүгө дуушар болгон эмес — samara.kg жана mls.kg сайттары боюнча ички иликтөөнүн жыйынтыктары» аталыштагы макала жарыялаган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) «Самара» сайты боюнча 14-декабрда өткөн басма сөз жыйынынан кийин жарык көргөн.

Материалдын автору Нуркыз Сабырова өзүнүн материалында «Азия Инфо» интернет-провайдеринин өкүлү Евгений Кочановдун samara.kg сайты МККнын системасынан тышкары иштеген деген билдирүүсүн келтирген.

«Samara.kg жана mls.kg сайттары жөнүндө айтылган макаладан кийин биз аталган фактты иликтөө менен алектене баштадык, анын жыйынтыгына ылайык samara.kg сайты санкцияланган түрдө өз алдынча МККнын системасынан тышкары иштеген, ал эми mls.kg сайтынын ишинде эч кандай өзгөрүүлөр болгон эмес», — деген Кочановдун сөзүн келтирет макаланын автору.

Бирок бул цитата басма сөз жыйынынын жазмаларында жок. Ал эми Евгений Кочанов өзү «Клооптун» кабарчысы менен маектешүүдө басма сөз жыйында мындай эч нерсе айтпаганын тастыктады.

«Мындай болгон эмес. Жада калса фэйсбукта [басма сөз жыйындын] видео жазмасы бар, ал жакта мындай болгон эмес», — деди Кочанов «Клооптун» кабарчысына.

Ошондой эле, ал басма сөз жыйынына чейин дагы жана андан кийин дагы мындай нерсени журналисттерге айтпаганын кошумчалады.

«Биз алар менен таптакыр сүйлөшпөйбүз. Биз буга чейин жана андан кийин деле прессадан эч ким менен сүйлөшкөн эмеспиз. Болгону видеодо эмне деп айтылган болсо ошол болгон», — деп жыйынтыктаы «Азия Инфонун» кызматкери.

Бирок Сабырова Кочановдун циататасын ошол басма сөз жыйындан алгам деп көшөрүп турат.

«Ал муну айткысы келген. Алар дагы ички иликтөө жүргүзүшкөн жана mls.kgде эч кандай өзгөрүүлөр байкалган эмес, ал эми "Самара" өзүнчө бир сайт катары болгон […] Ал бул нерсени айткан да, бул менин диктофонумдагы жазмада бар болчу», — деди ал.

«Кабар» цитатаны өзгөрттү, бирок так эместик сакталууда

«Клооптун» кабарчысы менен сүйлөшүүдөн кийин «Кабар» материалдагы цитатаны өзгөрткөн. Бул редакция басма сөз жыйындагы жазманы угуп чыккандан кийин болгон. Сабырова материалда цитата эмес, чечмелөө болгон деп түшүндүрдү.

«Бул көйгөй эмес, биз бул абзацты алып деле сала алабыз. Бирок калгандары боюнча, негизинен бардыгы эле дал келет. “Кабар” — бул мамагенттик экенин түшүнүү керек жана маалымат берүү биздин материалда көрсөтүлгөн багытта болушу керек. Силер өзүңөр деле түшүндүңөр да окугандан кийин, тагыраак айтканда, биз силер сыяктуу ачык жаза албайбыз», — деди макаланын автору.

Буга чейин ал материалда көрсөтүлгөн цитата «Азия Инфонун» өкүлүнүн сөздөрүнүн так чечимелениши экенин ырастап жаткан жана журналисттин макалада көрсөтүлгөн Кочановдун сөздөрү интерпретация болуп эсептелинеби же жокпу деген суроосуна терс жооп берген.

«Биз терминология кандай болсо ошондой чечмелегенбиз. Биз терминологияны колдонбостон маалыматты ушундай бердик», — деп билдирген макаланын автору.

Циатата өзгөрүп кеткенине карабастан, материалда дагы эле так эместик сакталууда — өзгөртүлгөн абзацтагы цитатанын алдында «Кочанов аталган уюмдун адистери дагы МККнын системасынын иши боюнча ички иликтөө жүргүзүшкөнүн айткан» деп жазылып турат.

Кочанов басма сөз жыйында мындай нерсе айткан эмес жана «Азия Инфо» МККнын системасынын иши боюнча иликтөө менен алектене алмак эмес, анткени ага кирүү мүмкүнчүлүгү жок. МККнын системасы жашыруун болуп эсептелинет жана ал менен иштөө үчүн өзүнчө бир деңгээлдеги кирүү мүмкүнчүлүгү талап кылынат.

«Самара» тууралуу иликтөө

«Клооптун» редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинде бир ай бою мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген иликтөөнү жарыялаган.

Сайтта кыргызстандыктардын паспортторунун номерлери, аты жөндөрү, ИНН маалыматтары болгон. Ошондой эле бул сайт президенттик шайлоодо жеңип чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков менен ыктымал байланышы болгон болушу мүмкүн.

Өкмөттүк сервердеги тышкы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү өткөн шайлоодогу үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу жеңилдетиши мүмкүн болгон жана ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка кептеген.

МКК журналисттердин иликтөөсүн «жаңы шайлоо технологиясын дискредитациялоо аракети» деп атап, анын артында «эски убактарды эңсеген белгилүү бир саясий күчтөр турат» деп билдирген.

Иликтөөгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да кызыгып, «Самара» тууралуу материалдын авторлорунун бири Ринат Тухватшинди чакырып, көрсөтмө алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: