Парламенттик комитет Жалиловдун депуттардын экинчи аялдары бар деген сөздөрүн текшерүүнү талап кылды

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов

Парламенттин профилдик комитети менен «Ата Мекен» фракциясы мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун Жогорку Кеңештин депуттарынын экинчи аялдары бар деп айткан билдирүүсүн текшерүүнү талап кылып, башкы прокуратурага кайрылышты. Мурдараак Жалилов коомчулук алдында өзүнө экинчи аял алгандыгын жана бир нече аялдары бар депутаттар менен аткаминерлерди санап бере ала тургандыгын билдирген.

«Азаттык» үналгысы бидиргендей, Параменттин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Чубак Жалиловдун депутаттардын экинчи аялдары боюнча билдирүүсү үчүн башкы прокуратурага кайрылды.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде «Ата Мекен» фракциясы дагы Жалиловдун билдирүүсүн текшерүү талабы менен ИИМге кайрылганын айтты.  

Жалилов өзүнүн экинчи аялдуулугу жөнүндө билдирүүсүнөн кийин айрым диний ишмерлер, жогорку кызматтагы аткаминерлер менен парламенттин депутаттары дагы экинчи аялдарды алышууда деп маалымдаган.

«Мен [аялдары көп] аткаминерлерди санап бере алам. Алар салттарды колдогон адамдар. Биз аларга ыраазы болушубуз керек. Жада калса бардыгына ордендерди беришибиз керек», — деген Жалилов.

Жалиловдун билдирүүсүнөн кийин укук коргоочулар бул маалыматты төгүнгө чыгарып же тастыктоону өтүнүшүп, парламентке кайрылышкан.

Чубак Жалиловдун эки аялы

Ноябрдын аягында мурдагы муфтий өзүнүн YouTubeдагы «Насаат Медиа» каналында экинчи аял алгандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ал башка мусулмандарды дагы ошого барууга үндөгөн.

«Мен үйлөндүм, бирок ажырашкан жокмун. Байбичем бир аз капа болуп жатат. Бирок баары жайына келет деп ойлойм. [...] Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, өзүм элге үлгү болуп берейин, эгер мен баштабасам, ким баштайт, деп үйлөндүм. Колунда бар эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Эгерде жолдошуңар экинчи аял алганга колунда бар болсо, бир аз ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бул биздин элибиздин салтында бар маселе», — деп билдирген ал.

Ошондон кийин укук коргоочулар менен парламенттин депутаттары прокуратурадан Чубак Жалиловдун айткан сөздөрүнө укуктук баа берүүнү талап кылышкан.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Көп аялдуулукка чакырыктары үчүн Чубак Жалиловду эки жолу милицияга суракка чакырышкан.

Анын адвокаты Акин Токталиев мурдагы муфтийдин айткан сөздөрүндө эч кандай мыйзамсыздык жок деп эсептейт.

«Кылмыш-жаза кодексине ылайык, эки аялдуулук же көп аялдуулук — бул жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашоо. Ал эми Чубак Жалиловдун аялдары жада калса бири-бирин таанышпайт», — деген ал.

Ал эми Жалиловдун аялы милицияга арыз менен кайрылган, анткени өзүнүн балдарынын өмүрү үчүн коркот. Мынданы тышкары, Гүлнура Жалилова жардам сурап «Сезим» кризистик борборуна дагы кайрылган.


ТЕМА БОЮНЧА: