Бөбөктөр үйүндөгү жыңайлак жүргөн балдардын айынан тарбиячы жумуштан кетти

«Право быть» коомдук фондусунун инстаграмында Бишкектеги Бөбөктөр үйүндө эки бала кафель полдо жыңайлак отурганы тартылган видео жарык көргөн. Фонддун өкүлү тарбиячылар балдарга көңүл бурушкан эмес деп айтууда. Бөбөктөр үйү окуядан кийин тарбиячыны жумуштан алды.

Балдар тартылган видеону фонддун өкүлү Анастасия жарыялаган. Анын айтымында, тарбиячылар түштөнүп жатышкан кезде балдар 20 мүнөт аралыгында кароосуз калып, ыйлап жатышкан.

«Мен 20 мүнөттөй дубал артындагы ваннада бала ыйлап жатканын угуп турдум, бирок балдар жап-жалгыз отурганына тарбиячылардын дагы көңул бурганын уга албадым», — деди ал «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.

 

Анастасиянын айтымында, ваннада байпаксыз жана жеңил бут кийимдери жок эки бала отурган. Ал учурда бөлмөнүн ичинде «абдан суук болчу».

«Мен балдар эмне үчүн ыйлап жатышканын сурадым. Анан мага: "Ыйлашса ыйлап жатышкандыр, биз түштөнө элекпиз. Сенин кандай ишиң бар? Өзүңдүн балаңды кара" деп жооп беришти. Ошол эле кезде алар мени абдан жакшы билишет», — деди фонддун өкүлү.

Тарбиячы менен кайым айтышуудан кийин Анастасия аталган жайдын медайымына көңүл бурууну суранып кайрылган, бирок абал андан кийин деле өзгөргөн эмес.

«Балдар кандай отурган болсо ошол бойдон калышты. Алар ордуларынан турушкан дагы жок, түштөнүүнү уланта беришти. […] Бул биринчи эле жолу эмес. Менден кийлигишпөөнү абдан суранышты, бирок бул жолкусунда мен чыдай албадым. Бул ишти ордунан жылдырууну каалайм», — деди ал.

Бөбөктөр үйү: Тарбиячы жумуштан алынды

Бөбөктөр үйүнүн директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Кошоева «Клооптун» кабарчысы менен маектешүүдө тастыктагандай, балдар ваннада кароосуз калышкан, бирок ал бөлмөдө суук эмес болчу деп көшөрүүдө.

Кошоеванын айтымында, тарбиячы бул окуя болгондон кийин жумушунан алынган.

«Тарбиячы жумуштан кетүү арызын жазган. Учурда алар бут коюлчу килемче ным болчу жана аны кургатканга үлгүрбөй калганбыз, балдар байпактарын чечишкен деп актанышууда. Актанып кетиш үчүн көптөгөн себептерди табышууда», — деди ал.

Кошоева билдиргендей, бул — бир эле жолу болгон окуя. Анын айтымында, Бөбөктөр үйүндө жылуу жана балдар эч нерсеге муктаж эмес. «Үй оңдоп түзөөдөн өткөн, балдар топторунда таза, тазалык каражаттары бар, бардыгы бар […] Видеого тартылган балдар оорушкан жок», — деп билдирди ал.

Жалпысынан Бишкектин Бөбөктөр үйүндө 51 бала бар.

«Право быть» фондусунун кызматкерлери ыктыярдык түрдө жетим балдарга жардам беришет.


ТЕМА БОЮНЧА: