Кыргызстандын жолдоруна камераларды «Хуавей» орнотот

Премьер-министр Сапар Исаков «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууга кытайлык «Хуавей» компаниясы менен келишимге кол койду. Бийлик жол эрежелерин бузууну аныктоочу камераларды 2011-жылы эле орнотууну убада кылган, бирок видео байкоо Бишкектин бир нече гана ири кесилиштеринде пайда болгон.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Исаков «Хуавей» компаниясынын өкүлдөрү менен келишимге 11-январда кол койгон.  

Өкмөт башчысынын айтымында, «Акылдуу шаар» долбоору өлкө боюнча үч жылдын ичинде ишке ашырылат. Исаков Бишкек, Ош жана Чолпон-Атанын жолдорунда камералар 2018-жылдын жазында орнотула турганын бир нече жолу билдирген.

Фото жана видео байкоо камералары жолдордо эреже бузууларды каттайт. «Акылдуу шаар» долбоору өкмөттүн «Таза коом» программасына кирет.

Өкмөт Кыргызстандын Каржы полициясы 2015-жылы «Хуавейди» Кытайдын Эркештам шаарынан Ошко чейин волокондук-оптикалык байланыш линияларынын курулушунун баасын жогорулаткандыгына айыптаганына карабастан компания менен келишимге кол койду.

Буга байланыштуу кызмат компаниянын бардык эсептерин жана мүлкүн камакка алган. «Хуавейдин» Кыргызстандагы жетекчилигине карата камакка алуу баш коргоо чарасы сырттан белгиленген.

Ал эми Сапар Исаков 2017-жылдын декабрында өзүнүн басма сөз жыйынында бул компанияны «кыйын» деп атаган, анткени ал «Акылдуу Дубай» долбоорун ишке ашырган.  

Huawei — Кытайдын телекоммуникациялар тармагында ири компаниялардын бири. Компанияда шаарларды көзөмөлдөөнү иштеткен «Акылдуу шаар» деген аталыштагы тутум иштелип чыккан.

Жолдордогу коопсуздук

Бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер бир топ жолу жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Жолдордогу коопсуздукту камсыздоону премьер-министр Сапар Исаков, парламенттин депутаттары жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы талап кылышкан.

Бирок учурда бийлик ишке ашырган жалгыз иш-чара — бул мектеп жана бала бакчалардын жанында жаткан полицияларды орнотуу болгон.

Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдоруна «Коопсуз шаар» долбоору боюнча эреже бузууларды аныктаган камераларды орнотууну убада кылып келет. Бирок ошондон бери Бишкектин кире бериш шаарчаларынынын кесилиштеринде гана бир нече камералар орнотулган.

Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат. Долбоор 60 млн долларга бааланган.


ТЕМА БОЮНЧА: