«Республика — Ата-Журт», «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн очтётун угуп, «канааттандыраарлык эмес» деп табышты. Бул Сапар Исаковдун өкмөтүнө канчалык олуттуу экенин түшүндүрөбүз.

«Республика — Ата-Журт», «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын депутаттары өкмөттүн отчётуна каршы добуш беришти. Бул 17-апрелде Исаков парламенттик оппозициянын жыйынында отчёт берип жатка учурда болду.

Өкмөттүн ишин талкуулоо тогуз саатка чейин созулуп кетти. Бул убакыт аралыгында оппозициялык депутаттар Исаковдон көптөгөн нерселерди, «Лиглас» жана «Хуавэй» компаниялары менен жүзөгө ашпай калган иштерден баштап Тогуз-Тородогу араздашууга чейин сурашты.

Ал эми Исаков өзү катачылыктарын моюнга алганы менен өлкө экономикасы көтөрүлүп, эл аралык рейтингдерде көрсөткүчтөр жакшырганын жана «Таза коом» сыяктуу мамлекеттик долбоорлор жөнүндө айтып жатты. Анын отчёту 30 мүнөткө гана созулуп, калган убакыттарды депутаттардын суроолору менен өкмөттүн жооптору алды.

Бул эмне үчүн маанилүү? Өкмөтүн отчёту — бул министрлер кабинетинин ишинин негизги көрсөткүчү. Эгерде парламент аны жактырбай койсо, анда бул премьер-министрди жана анын командасын оставкага кетирүүгө себеп болуп калышы мүмкүн.

Азыр отчётту оппозициялык фракциялар гана жактырбай коюшту — алар 48 депутат. Бул өкмөттү отставкага кетирүү үчүн себеп жаратууга жетишсиз — ал үчүн 61 депутаттын көпчүлүгүнүн добушу керек (жалпысынан парламентте 120 депутат бар).

Буга чейин Исаковдун отчётун көпчүлүк коалициясынын эки фракциясында, тактап айтканда, КСДП менен «Кыргызстан» жактырган — бул 55 орунду түзөт. Бул да азырынча парламент өкмөттүн отчётун жактырат деп ишемдүү айтуу үчүн жетишсиз.

Оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчетун угуп атышат. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Парламенттин жалпы жыйынында бардыгы «Бир Болдон» көз каранды болот — бул азырынча өкмөттүн отчётун уга элек жалгыз фракция. «Бир Бол» көпчүлүк коалициясына кирет, бирок алар отчётту жактырат же жактырбайт деп айтууга болбойт (Ошону менен эле «Бир Бол» фракциясынын депутаттарынын бири Аскарбек Шадиев Исаковдун өкмөтүндө иштеген).

Эгерде депутаттар отчётту жактырбай коюшса, анда бул депутаттар тарабынан өкмөткө ишеним көрсөтпөө вотумун билдирүүгө себеп болуп калышы мүмкүн. Ишеним көрсөтпөө вотумунан кийин президент өкмөттүн оставкага кетишине макул же макул болбошу керек.

Контекстти түшүндүрөбүз: Өкмөттүн очтёту талаштуу чечимдердин айынан министрлер кабинетинин ишине нааразылыктардын шартында каралып атат. Мисалы, «Лиглас» жана «Хуавэй» компаниялары менен кызматташуудан баш тартуу, Бишкек ЖЭБиндеги авария, «Акылдуу шаарды» ишке киргизүүнү жайлатуу жана «Кумтөр» менен жаңы келишим.

40 жаштагы Исаков өкмөттү 2017-жылдын августунда жаңы команда менен жетектей баштаган. Бирок акыркы жарым жыл ичинде бул команданын ичинен болгону эки гана адам калган.

Исаковдун өкмөтү мамлекеттик органдар менен өз ара байланышты жеңилдетүүгө байланыштуу өзүнө көптөгөн долбоорлорду камтыган мамлекеттик «Таза коом» программасын жүзөгө ашырууга багытталган.

Исаков өзү — азыр Кыргызстандын Социал-демократтар партиясын (КСДП) жетектей баштаган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосунун алдындагы кадр.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да КСДПдан чыккан. Бирок соңку бир нече аптада Атамбаев ал менен жашыруун тирешүүгө киришип, аны айрым бир билдирүүлөрү менен кадрдык чечимдери үчүн сынга алган.

Жээнбеков өз кезегинде күч түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды ээлеп турган Атамбаевдин тарапташтарын биринин артынан бирин оставкага кетирип, ошол эле учурда ал мурдагы президентке карата өзүнүн мамилесин ачык түрдө көрсөткөн жок.

Авторлоштору: Анна Капушенко, Айсымбат Токоева